Чүй айылдык кеңешинин 2026-жылдын 12-мартындагы № 9/16 «Чүй айыл өкмөтүнүн балансына жер тилкесин кабыл алуу жөнүндө» токтому
ЧУЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 12-мартындагы № 9/16
Чүй айыл өкмөтүнүн балансына жер тилкесин кабыл алуу жөнүндө
Чүй айыл өкмөтүнүн Садовое айылынын Гагарин көчөсүңдөгү №5 дарегинде жайгашкан 130 орундук бала бакча куруу күн чыгыш жана түндүк тарабындагы 4800,00 чарчы метр жер тилкесинин берилген материалдарын карап чыгып жана Чүй районунун шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын 2026-жылдын 27-февралындагы № 84-26 жер тилкесинин планына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18 – беренесине, Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 19-беренесине жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамдын 34-беренесине ылайык Чүй айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй айыл өкмөтүнүн Садовое айылынын Гагарин көчөсүңдөгү №5 дарегинде жайгашкан 130 орундук бала бакча куруу үчүн күн чыгыш жана түндүк тарабындагы 4800,00 чарчы метр жер тилкеси, Чүй айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Токмок –Чүй филиалында белгиленген тартипте жер тилкесин мөөнөтсүз (жер тилкесине пайдалануу мөөнөтүн көрсөтүүсүз) пайдалануу укугуна мамлекеттик актысын алуу жана жер тилкесинин баасын көз карандысыз балоочу тарабынан балоо иштеринин жүргүзүлүшү, аны муниципалдык менчиктин реестрине киргизүү Чүй айыл өкмөтүнүн башчысынын м.а А.Исмаиловго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чүй айылдык Кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча комитетинин төрагасы А.Айтиевге жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Ы.Ысманов |