ПостановлениеДействует

Чүй айылдык кеңешинин 2026-жылдын 23-мартындагы № 9/20 «Жер тилкесинин багытын өзгөртүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 23.03.2026
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧУЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2026-жылдын 23-мартындагы № 9/20

«Жер тилкесинин багытын өзгөртүү жөнүндө »

 

Чүй айыл өкмөтүнүн сунуш катынын негизинде жана жаран К.К.Оморбекованын арызын карап чыгып, ошондой эле Чүй райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын корутундусунун (ГЗ) негизинде жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» 34-беренесине ылайык Чүй айылдык кеңеши:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чүй айылы, Ибраимова көчөсү № 50 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 687,40 чарчы метр жер тилкесинин багыты турак жайдан кийим тигүүчү ателье (коммерциялык объект) катары өзгөртүүгө уруксат берилсин.

2. Жер тилкесинин багытын өзгөртүүсү тиешелүү мыйзамдардын талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чүй айылдык Кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча комитетинин төрагасы А.Айтиевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

А.Ы.Ысманов