Раззаков шаардык кенешинин 2026-жылдын 24-июлундагы №17 «Раззаков шаарынын мэринин 2026-жылдын 6 айдын жыйынтыгы боюнча аткарган иштери жөнүндө отчёту» токтому
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Раззаков шаардык кенеши (жетинчи чакырылышы) кезектеги XX сессиясы
2026-жылдын 24-июлу №17
Раззаков шаарынын мэринин 2026-жылдын 6 айдын жыйынтыгы боюнча аткарган иштери жөнүндө отчёту
Раззаков шаарынын мэринин 2026-жылдын 6 айдын жыйынтыгы боюнча шаардын аймагындагы иштердин абалы, бюджеттин аткарылышы, шаардын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программанын аткарылышы тууралуу отчетун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 6-пунктчасына ылайык Раззаков шаардык Кеңеши токтом кылат:
- Раззаков шаарынын мэринин 2026-жылдын 6 айдын жыйынтыгы боюнча шаардын аймагындагы иштердин абалы, бюджеттин аткарылышы, шаардын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программанын аткарылышы тууралуу отчёту канааттандырарлык деп табылсын. (Отчёт тиркелет)
- Белгиленген кемчиликтерди четтетүү жана аткарууга алуу жагы Раззаков шаарынын мэри Д.И.Кенжебаевге милдеттендирилсин.
- Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.razzakov.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага С.А.Саматов
Раззаков шаардык Кеңешинин
2026-жылдын 24-июлундагы
№ 17 токтомуна тиркеме
Раззаков шаарынын мэриясы тарабынан 2026–жылдын 6 ай ичинде
аткарылган иштери тууралуу
МААЛЫМАТ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 27–беренесинде белгиленген 25 жериликтүү маанидеги маселелерди чечүү, ошону менен бирге Раззаков шаарынын 2026–жылга карата социалдык экономикалык өнүгүү программасында бекитилген иш чараларды аткаруу багытында 2026–жылдын 6 ай ичинде бир топ жумуштар аткарылды.
I БӨЛҮК
РАЗЗАКОВ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ:
Киреше тармагы боюнча:
2026–жылдын январь айында 2025–жыл ичинде аткарылган жумуштардын жана жыйналган салыктардын жыйынтыгы чыгарылып, 2026–жылга карата Раззаков шаарынын мэриясынын кирешелер бөлүмүнүн жылдык иш планы түзүлдү жана жылдык иш планга ылайык Мамлекеттик Салык кызматынын Лейлек району боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте тыгыз иш жүргүзүлдү.
Раззаков шаарынын мэриясы боюнча 2026–жылдын алты айына карата жергиликтүү салык боюнча 3243200сом план бекилген болсо, бул көрсөткүч 4816300сомго аткарылды, пайыз менен алганда 148,5%ды түздү. Жергиликтүү салык боюнча 2025–жылдын алты айлыгына салыштырмалуу 524900сомго ашыкча жыйналган.
Киреше салыгы боюнча 2026–жылдын алты айына карата 54000000сом план бекилген болсо, бул көрсөткүч 64729700сомго аткарылды, пайыз менен алганда 119,9%ды түздү. Ал эми киреше салыгы 2025–жылдын алты айлыгына салыштырмалуу 16603500сомго ашыкча жыйналган.
Атайын салыктар боюнча 2026–жылдын алты айлына карата 1250000сом план бекилген болсо, бул көрсөткүч 2007200сомго аткарылды, пайыз менен алганда 162,7%ды түздү. 2025–жылдын алты айына салыштырмалуу 511600сомго ашыкча жыйналган.
Жер салыктары тамарка жана айыл чарбасына арналбаган жер салыгы үчүн 2026–жылдын алты айына карата 2628000сом план бекилген болсо, бул көрсөткүч 3063200сомго аткарылды, пайыз менен алганда 116,6%ды түздү. Бул көрсөткүч 2025–жылдын алты айына салыштырмалуу 9800сомго аз жыйналды.
Кыймылсыз мулк салыгы боюнча 2026–жылдын алты айына карата 615200сом план бекилген болсо, бул көрсөткүч 1665600 омго аткарылды, пайыз менен алганда 270,74%ды түздү. 2025–жылдын алты айына салыштырмалу 534000сомго ашыкча жыйналган.
Жалпы кирешелердин жыйналуусу боюнча 2026–жылдын алты айына карата 65431400 сом план бекилген болсо, бул көрсөткүч 79741500 сомго аткарылды, пайыз менен алганда 121,9%ды түздү. Бул көрсөткүч 2025–жылдын алты айына салыштырмалуу 20260300 сомго ашыкча жыйналды .
Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу боюнча айыл башчылар жана жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча кызматкерлер менен тыгыз иш алып барылып элдерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү мындан сырткары бирдиктүү салык декларациясын электрондук форматта толтуруу жагы да тийиштүү жарандарга түшүндүрүлдү.
Социалдык–экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча:
Раззаков шаарынын 2026–жылга карата социалдык – экономикалык өнүгүү планынын иш–чаралары Раззаков шаардык Кеңешинин 2025–жылдын 19–декабрындагы №2 токтому менен бекитилген. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2024–жылдын 9–апрелиндеги №01–25–114 буйругу менен бекитилген социалдык–экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу боюнча нускамага ылайык өнүгүү пландын иш–чаралары 7 багытка бөлүнгөн: башкаруу, калк, кызмат көрсөтүү жана инфратузүм, экономикалык өнүгүү, инклюзивдик өнүгүү, мейкиндик, айлана-чөйрө бөлүмдөрү. Жалпы 42 иш–чараны өзүнө камтыган болуп, ишке ашыруу үчүн керектелүүчү каражаттар болжолдуу 1000430500сомду түзгөн, анын ичинен 79900500сом жергиликтүү бюджеттен, 659430000сом республикалык бюджеттен, дем берүүчү гранттан 25000000сом, мамлекеттик инвестициялардан 213200000сом жана 22900000сом аймактардагы өнүктүрүү фондтордон жана калган каражаттарды башка булактардан тартуу жагы каралган.
2026–жылдын 1–жарым жылдыгында төмөнкү иш – чаралар аткарылды:
1.1.Муниципалдык менчик департаментине полиграфиялык принтер ж.б. жабдыктарды алуу боюнча А3 форматында басып чыгаруучу 3в1 принтер 116200сомго алынды.
1.2.Атайын техникаларды алуу боюнча Баткен облусун өнүктүрүү фондунун жардамында “Исфана таза суу” МИге 3212345сомго кичи экскаватор сатып алынды.
1.3.Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо боюнча:
- унаалар өтүүчү көпүрөлөрдү куруу боюнча – Самат айылынын Беш–Бала участкасына, Тайлан айылынын Ак–Тилек участкасына жолу менен жана Орто–Дөн көчөсүнө, Чымкен айылынын Катар–Өрүк көчөсүнө жалпы 4 көпүрөгө долбоор жасатууга 4701226сомго келишим тузүлүп азыркы учурда долбоорлору даярдалууда;
- балдар аянтчалары боюнча Корук жана Госспецхоз участкаларында жерлери такталып ДСД жасатуу кызматын сатып алууга буйрук кабыл алынды жана жарыя берүү алдында турат;
- өзгөчө кырдаалдар тармагы боюнча Б.Комилов, А.Азизов, Жаңы Абад кичи сел каналы жана Токтогул атындагы орто мектебинин сай тарабындагы таш дамбаны калыбына келтирүүгө ДСД жасатууга 2 жолу сатып алуу жарыяланды, бирок катышуучу жок болуп өтпөй калгандыктан азыркы учурда түз келишим түзүү жагы каралууда;
1.4.Шаар мэриясынын жыйындар залындагы жана аппараттык кеңешме өтүлүүчу жердеги отургучтарды жаңылоо боюнча 527300сомго сатып алуулар жүргүзүлдү.
1.5.Архитектура, мамкаттоо, инженердик изилдөө, экспертиза ж.б.у.с. кызматтар үчүн бардыгы болуп 771075сом которулду.
2.4.Социалдык келишимдин негизинде аз камсыз үй–бүлөлөрдү колдоо боюнча 18 үй-бүлөгө мамлекет тарабынан 2700000сомдук акчалай каражаттар кичи ишкердик ишин баштоо үчүн берилди.
2.5. – 2.6.Социалдык-маданий иш–чаралар боюнча: шаардын 25 жылдык юбилейлик маарекеси, Нооруз майрамы, Жеңиш майрамы, энелер күнү, балдарды коргоо күнү белгиленип 997480сом акча каражаты жумшалган.
3.1.Чүлгөн таза суу булагын калыбына келтирүү иш-чарасы боюнча Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги аркылуу сатып алуулар өткөрүлүүдө. Ал эми таза суу долбоорунун 2–бөлүгүн ишке ашыруу боюнча азыркы учурда Алтын–Бешик айылында жана Раззаков шаарынын түштүк чыгыш аймагындагы көчөлөрдө жумуштар жүрүүдө. 2–бөлүктүн жалпы суммасы 110000000сомду түзөт.
3.3. – 3.5. пункттарында каралган 3 иш–чара дем берүүчү гарнттарга сунушталган болуп райондук комиссияда жактырылган жана азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин кароосунда турат. Алар: И.Раззаков көчөсүндө асфальтталган жолдун 280 метр аралыгын жана тротуарларын оңдоо, Ж.Исаев көчөсүндө асфальтталган жолду жана тротуарларын оңдоо, Колхозная көчөсүндө жана ага туташкан 3 көчөдө (К.Кундузов, Горький, Дружба) 1297 метр аралыктагы жолду оңдоо иш–чаралары. Ал эми Алтын–Бешик айылында балдар бакчасына баруучу 291 метр аралыктагы жолду оңдоо долбоору райондук комиссиянын кароосунда жактырылган эмес.
3.7.Жол инфраструктурасын жакшыртуу иш-чаралары боюнча 1400527сомго ички жолдордун бузулган жерлерин оңдоо жана жамоо иштери аткарылууда. Жолдорду асфальттоо жана башка жумуштарга азыркы учурда смтелаык жана долбоордук документтерин даярдоо иштери жүрүүдө.
3.8.Ички жолдорго шагыл төшөө боюнча 395912сомго күйүүчү майларды сатып алуу өткөрүлдү. Жакынкы күндөрдө шагыл төшөө жумуштары башталат.
3.10.Кашка участкасында насостук станцияны калыбына келтирүү жана Т.Эрназаров көчөсүнө таза суу түтүктөрүн тартуу иш-чарасы боюнча жалпы 2841482сомго 3 сатып алуу өткөрүлду. Материалдары келгенден кийин жумуштары башталат.
4.2.–4.3.Экономиканы өнүктүрүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча Раззаков шаарында “Таиржан ата” соода борбору ишке берилди жана “Айгүл” соода борбору ишке берүү алдында турат.
5.1.Ак-Босого чек ара айылынын негизги жолун (Агартуу көчөсүн) капиталдык оңдоо боюнча Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланып АРИС аркылуу ишке ашырылуучу РЭӨ–2 долбоорунун алкагында курулуш иштери башталган. Долбоордун жалпы суммасы 153142660сом болуп 1–жарым жылдыкта 58311630сомдук жумуштар аткарылды.
5.3.Аялдарга жана балдарга карата зордук–зомбулуктун алдын алуу боюнча иш–чараларды уюштуруу багытында Раззаков шаарынын 2026–жылдын 23–февралындагы №01–03–30 буйругу менен шаарга караштуу ар бир айылда жана шаардын кварталдарында зомбулуктун алдын алуу боюнча 11 жергиликтүү комитеттер тузүлгөн. Азыркы учурда комитеттер тарабынан алдын алуу жана түшүндүрүү иштери алып барылууда.
6.2.Самат Садыков атындагы паркты реконструкциялоо (1–этап) боюнча долбоордук–сметалык документтер толук даярдалып азыркы учурда экспертизадан өткөрүү процесси жүрүүдө. Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңештин чечимине ылайык аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн 10900000 сом акча каражаты бөлүнүп берилген. Экспертизанын оң корутундусу алынгандан кийин сатып алууларга жарыя берилет.
6.3.Эски скважиналарды калыбына келтирүү боюнча шаардын аймагындагы 7 эски скважинаны калыбына келтирүү жана 1 жаңы скважина казуу боюнча «Ош Гидрогеологиялык Партия» Мамлекеттик ишканасы менен жана “Перспект проект” ЖЧКсы менен долбоордук жана сметалык иш-кагаздарын даярдоого келишимдер түзүлдү. Азыркы учурда долбоордук иш-кагаздарын даярдоо иштери жүрүүдө.
6.4.Жалпы узундугу 24 км түзгөн "Тегирменти – МКР–2" башкы таза суу түтүктөрүн куруу боюнча ДСД даярдоо кызматы үчүн 2025–жылдын декабрь айында 1849723,6сомго “Долбоор” ААК менен келишим түзүлгөн. Азыркы учурда эскиздик долбоору даярдалып райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгына макулдашуудан өткөрүү үчүн берилген.
6.5.Ак–Босого айылында жана Раззаков шаарынын Жаны конуш–2 көчөсүндө балдар ойноочу аянтчаларды куруу боюнча долбоор дем берүүчү гранттарга сунушталып кошо каржылоонун негизинде ишке ашыруу үчүн үчүн колдоо тапкан. Азыркы учурда сатып алуулар өткөрүлүп жумуштар башталуу алдында турат. Долбоор боюнча келишимдин баасы 7076754сомду түздү.
6.7.Раззаков шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу боюнча №13 ЖТИ ишканасынын маалыматына ылайык жолдун 3 чакырымына асфальт төшөлүп, сел өтүүчү өтмөктөр, мосттор жана түтүктөр орнотулду. Аткарылган жумуштардын көлөмү 59000000сомду түзөт.
6.8.Додосьян көчөсүндөгү республикалык маанидеги 6,5км жолду капиталдык оңдоо боюнча №13 ЖТИ ишканасынын маалыматына ылайык келишимде каралган жумуштардын дээрлик 40% аткарылып 68000000сомдук жумуштар аткарылган.
7.1.Восточная көчөлөрүндө сел кетүүчү каналдарды куруу (3 кичи канал) боюнча 2025-жылда долбоордук иш–кагаздары жергиликтүү бюджеттин эсебинен жасатылган болуп каржылоо жагы Кыргыз Республикасы ӨКМге сунушталган. Бүгүнкү күндө Министрлик тарабынан 31717679сомдук курулуш иштери жүрүүдө.
7.2.№1 кичи райондун аймагындагы көп кабаттуу үйлөр үчүн саркынды суулар тутумун жана тазалоочу курулмаларды куруу боюнча ДСД жсатылган, бирок жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгө жок экендиги белгиленип колдоо көрсөтүү үчүн КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине кайрылуу каттары жиберилген. Министрлик тарабынан долбоор жактырылып 2026–жылага республикалык бюджеттен каржылоо тизмесине киргизилген. Азыркы учурда Министрлик тарабынан жалпы суммасы 41654012сомдук жумуштарга сатып алуу жарыялынып келишим түзүлүп, жакынкы күдөрдө аткаруу иштери башталат.
7.3.Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш–чаралары боюнча 363780сомго 4 тонна күйүүчү майлар үчүн 2 жолу сатып алуулар өткөрүлүп жаандан кийинки калыбына келтирүү жана башка тиешелүү жумуштар аткарылууда.
7.4.Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иш-чаралары боюнча 190300сомго сатып алуулар өткөрүлүп шаардын аймагында 4500 түп ар түрдүү гүлдөр жана 290 түп ийне жалбырактуу көчөттөр шаардын аймагындагы коомдук жайларга отургузулду.
Айыл чарба тармагы боюнча:
2026–жылдын 6 ай ичинде, айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча план 900000сомго бекитилген болсо, анын аткарылышы 460000сомду түзүп, пайыз менен алганда 55 % түздү . Планга карата 440000сомго аз жыйналды. Жайкы талаа иштери болуп жаткандыгына байланыштуу ижара төлөмдөрү кечиккен, 9 айдын жыйынтыгы менен планджы аткаруу жагы каралат.
Айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлеринин жалпы айдоо аянты 1398 га, анын ичинен: ижарага берилген суулуу айдоо жер аянты – 164га, кайрак айдоо жер аянты – 799,4га, чөп чабынды жер аянты – 151,4га, бак-дарактар – 85 га, жалпысынан 1200га жер аянты ижарага берилген.
Жазгы кылкандуу дан эгиндерин эгуу 2026–жылдын 10–апрелинде аякталды. Бардыгы болуп 4001га жазгы кылкандуу дан эгиндери эгилди. Анын ичинен: 2068га буудай, анын ичинен 623га сугат айдоо жер, 1445га.кайрак айдоо жер; 1933га – арпа,анын ичинен 249га сугат айдоо жер, 1684га кайрак айдоо жер эгилди.
Жалпы эгилген кылкандуу дан эгиндери : эгилген кылкандуу дан жалпы 3933га, анын ичинен 872га суулуу, дандык жугору – 188га суулуу айдоо, дан буурчак – 34га, май өсүмдүктөрү кун карама, масар – 96га кайрак айдоо, картошка – 137га сугат айдоо, жашылча –146га. Момо–жемиш – 139га., парга калдырылганы – 372га, пайдаланылбай калган аянт – 198га. Анын ичинен чөп – 80,40га.
Раззаков шаарынын аймагында талааларында зыянкечтер (чегиртке) чыккан участкаларын даарылоо иштери жүргүзүлдү. Бардыгы болуп 3920га жерге зыянкечтерге каршы дарылынды. Раззаков шаарынын мэриясы тарабынан атайын түзүлгөн комиссиянын мониторинг жүргүзүү иш алып баруусунда 2026–жылдын түшүмү үчүн кылкандуу дан эгиндерин эгүү, оруп – жыйноо, кесек тоют даярдоо компаниясын өткөрүү максатында штаб түзүлүп, буйруктун негизинде трактор менен чөп оруу гектарына – 2500сом, чөп жыйноо – 1500сом, чөп таңгактоо – 30сом, комбайн менен оруу – 4000сом гектарына белгиленди.
Раззаков шаарынын аймагында 68даана айыл чарба техникалары бар анын ичинен комбайндар 15даана (9 даана жаңы типтеги, 6 даана эски типтеги) дан сепкич 11даана трактор косилка 18даана, прессподборщик 24 даана.
Лейлек райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына Раззаков шаарынын аймагындагы мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун бардык жерлеринин 50% өткөн, тактап айтканда сугат айдоо жерден 82га, кайрак айдоо жерден 458га, чөп чабынды жеринен 116га, бак дарактан 42га.
Айыл чарбасы багытындагы мамлекеттик фондун жерлерин үнөмдүү, сарамжалдуу пайдалануу максатында ар бир контур мэриянын балансына каттоо боюнча Жер ресурстары кадастр, геодезия жана картография боюнча Сүлүктү–Лейлек филиалы менен биргеликте эки тараптуу келишим түзүлүп иш алып барылууда.
Раззаков шаарынын мэриясынын айыл чарбасы жана жер боюнча бөлүмүнө атуулдар тарабынан жана мекеме уюмдардан келген ар бир арыздарга жана каттарга өз убагында жооп берилип, жайында барып көрүп чечилип берилүүдө.
Социалдык жактан коргоо тармагы боюнча:
2026–жылдын 6 ай ичинде:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021–жылдын 12–октябрындагы ПЖ №435 Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022–жылдын 15–июлундагы №385 токтомун аткарууга алып, Раззаков шаарынын мэриясы, шаардын аймагындагы аз камсыз болгон үй–бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу боюнча социалдык келишимдин негизинде мамлекет тарабынан кайтарымсыз 150000сом акча алууга 26 орун берилип, Раззаков шаарынын мэриясынын социалдык маселелер боюнча комиссиянын 3 отуруму өткөрүлүп, 20 үй–бүлөнүн арызы каралып анын ичинен тиешелүү документтерди тапшырган 18 үй–бүлөгө мамлекет тарабынан 150000сомдон кайтарымсыз жардам алуу боюнча сертификаттар тапшырылды.
2.Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын 2026–жылдын 3–февралындагы №3/93–буйругун аткарууга алып, Раззаков шаарынын жана шаарга караштуу айылдарда жашаган Ооган согушунун ардагерлерине ар тараптуу колдоо жана аларга жардам көрсөтүү максатында “15–февраль Ооган согушунун ардагерлеринин 37 жылдыгы” маарекесине карата Раззаков шаарынын аймагында жашаган 24 интернационалист–ардагер жоокерлерине жана Ооган согушунда курман болуп, үйүнө кайтпай калгандардын, өз жерине келип каза болгон 2 үй–бүлөнүн ар бирине 3000 сомдон Раззаков шаарынын мэриясынын 2026–жылдын 3–мартындагы №01–03–44 буйругунун негизинде жалпы суммасы 72000сом акча каражаты өздүк эсептик счетторуна которулуп берилген.
3.Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын 2026–жылдын 6–февралындагы №01–12–14 буйругунун негизинде 2026–жылдын 20–февралынан 20–мартына чейин жарыяланган социалдык адилетүүлүктүн бир айлыгына карата Раззаков шаарынын жана шаарга караштуу айыл аймактарында жашаган аз камсыз болгон үй–бүлөлөргө колдоо көрсөтүү максатында “Социалдык адилетүүлүктүн Бүткүл дүйнөлүк күнүнө” карата социалдык адилеттүүлүктүн бир айлыгына карата Раззаков шаарынын аймагында жашаган турмуш шарты өтө оор жана майыптыгы бар 128 үй–бүлөлөргө жергиликтүү бюджеттин эсебинен жалпы суммасы 437500сом акчалай жардам көрсөтүлгөн.
4.Чернобыль атомдук электростанциясындагы кырсыктын 40 жылдыгын эскерүү күнүнө карата Раззаков шаарынын аймагында жашаган ЧАЭСтин беш катышуучу ардагерлеринин жана кырсыктын катышуучусунун бир жесирине майрамга карата ар бирине 7000сомдон жалпы суммасы 42000сом акча каражаты өздүк эсеп счетторуна которулуп берилди.
5.9–май – Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына карата тылда эмгектенгендерди жана согушта курман болгон жоокерлердин жесирлерин Раззаков шаарынын мэриясынын 2721 социадык коргоо беренесинен 7 тыл ардагерлерге 91000 сом акча каражатын ар бир тыл ардагердин эсептик счетуна которулуп берилди. 2215 беренесинен тыл ардагерлерге 28200сомго белек уюштурулуп тапшырылды.
6.Зомбулуктун алдын алуу максатында Акжолова Элизаны №48 кесиптик лицейге окутуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2721 беренесинен 5000сом жана Доорова Элмира психикалык оору менен ооругандыктан даары дармек алуу үчүн иниси Э.Дооровго 5000сом акча каражаты эсептик счетторуна которулуп берилди.
Жалал–Абад облусунун Манас шаарындагы “Ак–Жол” аталышындагы атайын жатак интернатына Раззаков шаарынын тургундары жашы жете элек балдар Кулдашева Сугдиена Содикжоновна жана Кулдашев Сахобиддин Содикжоновичтерди (кароосуз калган балдарды) жайгаштырып келүүгө транспорт уюштуруу үчүн Лейлек РИИБдин жашы жете электердин иштери боюнча улук аймактык тескөөчүсү милициянын улук лейтенанты Акимов Элмурза Жолдошбаевичтин өздүк эсептик счетуна күйүүчү май сатып алуу үчүн социалдык коргоо бөлүмүнүн 2721 беренесинен 8000сом акча каражаты которулуп берилди.
7.Энелер күнүнө карата Раззаков шаары жана шаарга караштуу айылдардагы 100 энелерге 160920сомго белектер жана сый–тамак уюштурулуп майрамдык иш чара уюштурулуп өткөрүлдү.
8.1–июнь Балдарды коргоо күнүнө карата Раззаков шаарындагы “Кулунчак” мектепке чейинки ден–соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды калыпт андыруу борборунда тарбияланып жаткан 30 балдага 16000сомго ошондой эле шаардын аймагындагы 30 турмуш шарты оор үй–бүлөдө тарбияланып жаткан балдарга 45000сомго белек бекчелер уюштурулуп тапшырылды. Шаардын аймагындагы томолой жетим 10 балага ар бирине 3500сомдон жалпы суммасы 35000сом акча каражаты өздүк эсептик счетуна которулуп берилди. Жалпы шаардын аймагандагы балдарга майрамдык маанай тартуулоо максатында шаар мэриясы тарабынан 20000сомго 1000даана балмуздак балдарга таратылды.
9.Раззаков шаарынын жана шаарга караштуу айылдарындагы турмуш шарты оор, арыз менен кайрылган 11 үй–бүлөлөргө 70000сом өздүк эсептик счетторуна которулуп берилген.
10.Раззаков шаарынын мэриясынын социалдык коргоо бөлүмүнүн 2721 беренесинен жалпы суммасы 908620сом акча каражат жумшалды.
11.Зордук – Зомбулуктун алдын алуу максатында элдерге жергиликтүү комитет тууралуу маалымат жеткизүү максатында Раззаков шаарынын жана шаарга караштуу айылдарына жалпысынан 10 баннер илинди.
Статистика тармагы боюнча:
Раззаков шаарынын мэриясынын статисти, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан бекитилген статистикалык отчеттуулуктун формаларынын табелине жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иш жүргүзөт, алсак:
2026-жылдын 1-январына карата Раззаков шаарынын жана шаарга караштуу айылдардын (№ 9–Форма–калк тууралуу отчет) 33614 (факт. 29849) жараны, 6152 (факт. 5750) кожолугу катталды.
2026-жылдын 1-январына карата мал жандыктардын эсеби 29-декабрь күнү жыйынтыкталды:
Ири мүйүздүү малдар – 7504 баш, а.и. саан уйлар – 3841 баш, койлор – 29158 баш, эчкилер – 1963 баш, жылкы – 659 баш, канаттуулар – 10877 даана.
Ай сайын кичи өнөр жайы тууралуу отчет: –тегирмендер, навайлар, кондитердик азыктар, бал муздак, пескоблок, лайблок, кыш завод, эшик-терезе, пилорама, мебель, брусчатка, евродубал, тигүү буюмдары, суу кудугу шакек, дарбаза, электр ширетүүчүлөр, темир усталар, токарь, пахта тазлоочу.
Ачылган ишканалар жана түзүлгөн жумуш орду боюнча:
2026–жылдын 1–июлуна карата шаардын аймагында 4 жеке кичи жана ири ишканалар ачылып, 41 жаран жумуш орду менен камсыз болгон. Алсак: –“Санарип–Аймак” программасына туруктуу жашап жаткан жарандар тууралуу маалыматтар базасына киргизүү уланууда.
№ | Ишкананын аталышы | Ишкананын жайгашкан дареги | Ишкананын уюштуруучусу | Ишкананын ОКПО коду | Ишкананын ИНН | Түзүлгөн жумуш орундардын саны | Салынган инвестициялардын көлөмү (сом менен) | Пайдаланууга берилген мөөнөтү |
1 | “Таиржан-Ата” соода борбору | Раззаков шаары Додосьян көчөсү № 45 | Курбонов Иномжон Таиржанович | 34627153 | 10807198600661 | 35 | 30 000 000 | 09.02.26 |
2 | “Оазис” азык түлүк дүкөнү | Раззаков шаары Манас-Ата көчөсү № 53 | Жураев Нуриддин Жалолиддинович | 33329086 | 22109199000652 | 1 | 1 500 000 | 10.03.26 |
3 | ЭКИ ДОС чайхана | Раззаков шаары К.Кундузов №18 | Кулдошов Зохиджон Гаффарович | 34933045 | 22806198901197 | 4 |
| 15.05.26 |
4 | Спорт дүкөнү | Раззаков шаары Туракул Ата №70/1 | Холматов Фаррух Обиджонович | 30749592 | 21401199100310 | 1 |
| 21.03.26 |
5 | Минералдык суу “Саркент” | Раззаков шаары Кашка
| Турсунбаев Олимжон Дусбутаевич | 22225395 | 20608196500342 | 3 | 3000 000 | 28.05.26 |
| Жалпы |
|
|
|
| 44 |
|
|
Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданий жана спорттук иш чаралар боюнча:
Кыргыз Республикасынын 2021–жылдын 20–октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27–беренесинин 18-пунктуна ылайык, Раззаков шаарынын 25 жылдык мааракесине жана Нооруз майрамына карата өткөрүлгөн “Шаардын тарыхын билесиңби?”, “Автордук ырлар” жана “Раззаков – келечектин шаары” аттуу сынактардын жеңүүчүлөрүн сыйлоо үчүн Раззаков шаарынын мэриясынын резервдик фондунан жалпы 29000 (жыйырма тогуз миң) сом бөлүндү.
Нооруз майрамына карата Раззаков шаарынын жана шаарга караштуу айылдар менен кварталдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда уюштурулган улуттук тамак-аш көргөзмөлөрүн колдоо максатында ар бир уюштуруучуга 5000 сомдон, жалпы 55000 сом акча каражаты бөлүндү. Ошондой эле Раззаков шаарынын 25 жылдык мааракесине жана Нооруз майрамына арналган кыз-келиндер жана эркектер арасындагы волейбол боюнча биринчилиги өткөрүлүп, мелдештердин жеңүүчүлөрүн сыйлоого резервдик фонддон жалпы 53000 сом бөлүнүп берилди.
Нооруз майрамына арналган улуттук тамак-аш жана кол өнөрчүлүк көргөзмөсүнө Раззаков шаарынын аймагындагы социалдык келишимдин негизинде жардам алып ишмердүүлүгүн баштаган жеке ишкерлер, катышкандыгы үчүн колдоо максатында ар бирине 1000сомдон, жалпы 10000сом акча каражаты берилди.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында Советтер Союзунун Баатыры Самат Садыковдун жаркын элесине арналган «Баатырга багышталган эскерүү» аттуу эскерүү кечеси өткөрүлдү. Иш-чарага 33600сом жумшалды.
Раззаков шаарындагы борбордук стадиондун трибунасында өткөрүлүүчү майрамдык иш-чараларды уюштуруу үчүн керектүү идиш-аяктар сатылып алынып, бул максатка 27560сом сарпталды.
2026-жылдын 4-мартында 3-март – Мамлекеттик туу күнү жана 5-март – Ак калпак күнү белгиленип, Раззаков шаарынын борбордук аянтында салтанаттуу иш-чара уюштурулду. Ага Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын, Раззаков шаарынын мэриясынын, Раззаков шаардык кеңешинин өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, студенттер, мектеп окуучулары жана аскер кызматкерлери катышышты.
Салтанаттуу иш-чара жөө жүрүш менен башталып, катышуучулар борбордук аянт аркылуу жүрүш жасашты. Андан соң аскер кызматкерлери мамлекеттик символдорду даңазалаган көрсөтмө программаларды тартуулап, майрамдык концерт уюштурулду.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Лейлек райондук маданият бөлүмү тарабынан уюштурулган «Кыз-жигит сармерден» улуттук оюнун өткөрүүгө материалдык колдоо көрсөтүү максатында 15000сом бөлүндү.
Раззаков шаарындагы жалпы билим берүү уюмдарынын тарбиялануучулары «Кичинекей каармандар» жана «Манас таануу» интеллектуалдык таймаштарынын шаардык, райондук жана облустук баскычтарында I орундарды камсыз кылышкандыгы үчүн 2026-жылдын 30-апрелинде үч тарбиячы Раззаков шаарынын мэринин атынан ыраазычылык кат менен сыйланды.
Саламаттыкты сактоо багытында Раззаков шаарынын жана шаарга караштуу жалпы билим берүүчү мектептердин 10 социалдык педагогу жана бала бакчалардын 4 медицина кызматкеринин катышуусунда туберкулёз жана кутурма ооруларынын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө жугуштуу оорулардын алдын алуу, санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо боюнча кеңири маалыматтар берилди.
Ошондой эле Раззаков шаарынын жана шаарга караштуу жалпы билим берүү мекемелеринин социалдык педагогдору менен жыйындар өткөрүлүп, балдардын коопсуздугу жана социалдык маселелер боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
Раззаков шаарынын жана шаарга караштуу жалпы билим берүү мекемелеринен келип түшкөн сунуш каттар мыйзам талаптарына ылайык каралып, тиешелүү тартипте аткарууга алынды.
2025–2026-окуу жылындагы “Акыркы коңгуроо” иш-чараларын уюшкандыкта өткөрүү максатында ички иштер жана өзгөчө кырдаалдар органдарына тиешелүү каттар жөнөтүлдү.
Билим берүү тармагындагы инфраструктураны жакшыртуу боюнча Раззаков шаарына караштуу Тайлан айылындагы Орто-Дөң көчөсүндө 90 орундуу “Ак Шоола” бала бакчасы курулуп бүтүп, пайдаланууга берүү алдында турат. Мындан тышкары, Раззаков шаарына караштуу Ак-Босого айылында Д.Жороев атындагы жалпы билим берүүчү мектептин курулуш иштери аяктоо алдында турат.
Мамлекеттик сатып алуулар боюнча:
Раззаков шаарыны мэриясынын мамлекеттик сатып алуулар боюнча порталында 2026–жылдын I–II кварталына 14 даана сатып алуу жарыяланган. Жалпысынан 3 даанасы сатып алуунун эрежелерине жана мыйзамдарына ылайык жокко чыгарылган. Раззаков шаарынын мэриясы тарабынан менен аткарылуучу жумуштарга 2 даана, кызмат көрсөтүү 6 даана, сатылып алынуучу товарлар 6 даана сатып алуу жарыяланган.
Раззаков шаарыны мэриясынын алдындагы муниципиалдык менчик департаментинин мамлекеттик сатып алуулар боюнча порталында 2026–жылдын I–II кварталына 27 даана сатып алуу жарыяланган. Жалпысынан 6 даанасы сатып алуунун эрежелерине жана мыйзамдарына ылайык жокко чыгарылган. Раззаков шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти менен аткарылуучу жумуштарга 2 даана, кызмат көрсөтүү 2 даана, сатылып алынуучу товарлар 12 даана.
|
|
Аскердик каттоо тармагы боюнча (ВУС):
Раззаков шаарынын мэриясынын аскердик каттоо жана мобилизациялык даярдык боюнча иштери 2026–жылдын 6 айында «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга тиешелүү аскердик милдеттери жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөгү» Мыйзамынын 12, 13, 14 жана 41 беренелерине ылайык шаар мэриясынын эсебиндеги калк жана аймагында жайгашкан мекеме-ишкана, окуу жайлары менен 2026–жылга бекитилген иш планы боюнча алып барылды.
Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын тескемесин аткарууга алып, 2010–жылы төрөлгөн уландарды аскердик эсепке алгачкы каттоого алуу үчүн мэриянын аймагында жайгашкан жалпы били берүү мекеме мектептердин жана окуу жайларынын директорлору, аскердик башталгыч тарбия жетекчилери менен бирдикте уландардын тизмелери такталды. Уландардын өздүк иш-кагаздары, делолору даярдалып, көрсөтүлгөн график боюнча медициналык комиссияга келүүсү камсыз кылынды. 2026–жылдын 28–февралына чейин 2010–жылы туулган 624 улан жана ар түрдүү себептер менен каттоодон өтпөй калган 2009–жылы туулган 4 улан аскердик эсепке алгачкы каттоодон өтүштү.
Аскерге чакырылуучулардын арасында “КР жарандарынын жалпыга тиешелүү аскерге милдеттүүлүгү жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Мыйзамын түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырылуучулардын чакыруу медициналык комиссияларына келиши жана алардын аскердик жана альтернативдик кызматтарга жөнөтүлүшү боюнча иш–чараларга көмөк көрсөтүлдү.
Жаштарды аскердик–патриоттуулукка тарбиялоо боюнча иш пландарынын алкагында Советтик Куралдуу Күчтөрдүн Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 37 жылдыгына карата жоокер-интернационалисттерди урматтап сыйлоо иш-чаралары түзүлүп, мектеп окуучулары, окуу жайларынын студенттери менен Ооган согушунун жана башка согуштук аракеттердин ардагерлеринин жолугушуулары өткөрүлдү.
23–февраль – Мекен Коргоочусу Күнүнө арналган иш–чаралардын мэриянын аймагында жайгашкан орто мектептердин окуучулары жана окуу жайларынын студенттери менен аскерде кызмат кылып келген уландардын жолугушууларын өткөрүү макулдашылып, уюшулган деңгээлде өткөрүлдү. Орто мектептеринин окуучулары аскер кызматы жөнүндөгү кызыктырган суроолоруна жооп алышты.
2026–жылдын 13–15–март күндөрү Лейлек районунун аймагында резервдик түзүлмөлөрдүн, мобилизациялык машыгуу учурунда Раззаков шаарынын мэриясынын кабар берүү участогу белгиленген тапшырмаларды ийгиликтүү аткарды. Аскердик жыйынга катышкан аскерге милдеттүүлөрдү кабарлоо, алардын аскер комиссариаты тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөткө, жайга өз учурунда келишин, кайра кетиши камсыз кылынды. Жыйын өтүүчү жайга жеткирип, кайра алып келүү үчүн транспорт күйүүчү майы менен камсыз кылынды.
2026–жылдын март–май айларында жарандарды кыска мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруу боюнча аскер комиссариатынан алынган нарядды аткаруу учун 617 чакырылуучунун аскердик каттоо маалыматтары такталып, 14 чакырылуучу аскердик кызматка, 87 чакырылуучу альтернативдик кызматка чакырылуу үчүн алдын ала тандалып алынды. Кыска мөөнөттүү аскердик кызматка 14 улан, альтернативдик кызматка үй–бүлөлүк шарты боюнча 4 улан, диний ынанымдарын же коомдук пайдалуу жумуштарды аткарууга каалоосун билдиргенине байланыштуу 87 улан чакырылып, аскер комиссариаты тарабынан коюлган наряд 125% толук аткарылды.
Аскердик каттоодон чыкпай туруп республиканын башка шаарларына жана Россия, Казахстан, Өзбекистан республикаларына кетип калган чакырылуучулардын жана альтернативдик кызматчылардын даректерин тактоо боюнча издөө иштери жүргүзүлүп, натыйжада 2 чакырылуучунун дареги такталып, чечим чыгаруу учун аскер комиссариатына өткөрүлүп берилди.
2026-жылдын 11,12,13-май күндөрү мэриянын кабарлоо участогунун өздүк курамы КМ Башкы уюштуруу мобилизациялык башкармалыгынын башчысынын планы боюнча өткөрүлгөн тактикалык-саптык машыгууларга катышты. Резервдик түзүлмөлөрдү практикалык жыйноо боюнча берилген көрсөтмө так аткарылып, аскерге милдеттүүлөр өз убагында кабарланды.
Юридикалык багыт боюнча:
2026-жылдын башында Раззаков шаарынын мэриясынын юрист, жетектөөчү адисинин жылдык иш планы түзүлүп, жылдык иш планга ылайык бир топ иштер аткарылган.
2026-жылдын 6 ай ичинде 7 административдик соттук отурумдар болуп, көпчүлүк соттук чечимдери Раззаков шаарынын мэриясынын пайдасына оң чечилген, бир топ мыйзмасыз берилип кеткен жер тилкелери шаар мэриясынын карамагына кайтарылган.
2026-жылдын 6 ай ичинде 70 кат, Раззаков шаарынын жашоочуларыдан ар түрдүү маселелер боюнча 45 арыз катталган. Ошону менен бирге Лейлек райондук прокуратурасынын 4 сунушу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 1 Жарлыгы Раззаков шаарынын мэриясынын буйруктары менен реализация болгон.
Раззаков шаарына караштуу участкаларындагы кен байлыктар чыккан жер тилкелерин көзөмөлдөө жана лицензия алган жараандарга мыйзам чегинде пайдаланууга жана ижарага беруу жагына юридикалык баа берилүү менен Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнө тийиштүү иш кагаздар толтурулуп өткөрүлүп берилген.
Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча жана үй-бүлөлүк пикир келишпестик мааниде жарандардан келип түшкөн 31 арыздар каралып, түшүндүрүү жана профилактикалык иш чаралар жүргүзүлдү.
Раззаков шаарынын Кошмуратов көчөсүндө өзүм билимдик менен жер участокторун кенейтип алган жарандардын тосмо дубалдарын буздуруу жана автоунаа жолдорун кенейтүү иштерин аткарууда юрист катары көмөк көрсөтүлгөн.
Раззаков шаарынын борбордук көчөлөрүндө мыйзамсыз соодо сатыктын алдын алууда кынтыксыз иш алынып барылууда.
Кыргыз Республикасынын Башкы Прокуратурасынан ЕРН бирдиктүү реестрине каттоодон өтүп, мыйзам бузган жарандарга электрондук форматта айып пулдары салынып келүүдө.
Өзгөчө кырдаалдар боюнча
Раззаков шаарынын аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча 2026-жылдын 6 ай ичинде 10 арыз келип түшкөн, баардыгына убагында жооптору берилген. Кыргыз Республикасынын жогорку органдарынан жана облустук, райондук башкармалыктардан келген буйрук, токтом жана тиешелүү каттар аткарууга алынып, буйруктары реализация болуп, каттары аткарууга алынган. Жаңырган жылдын 13-январында Раззаков-5 кварталында Тоголок Молдо көчөсүнүн тургундарынын арызынын негизинде 190метр сел ара тазаланды. 13-16-февралда жааган жамгырдан кийин чыккан селден жабыркаган Раззаков-1,2,3,4 жана Ак-Булак, Тайлан, Чымкен, Самат айылдарындагы ички жолдорду оңдоо иштери жүргүзүлдү 3,2м. Самат айылына караштуу Кара-Таш участкасынын күн чыгыш тарабындагы селхананын башы 32метр аралык тазаланды. Раззаков-3 кварталындагы Ж. Өсөров көчөсүндөгү сел жүрүүчү 38метр арык тазаланды.
2026-жылдын 11-13-март күндөрү Баткен облусунун аймагында Республикалык Жарандык коргонуу боюнча команда-штабдык машыгуу болуп, А. Азизов көчөсүндөгү 200метр сел канал тазаланды. 27-мартта шаардын Манас-Ата атындагы көчөнүн тургунунун турак үйү өрттөнүп, мусорлорун ташуу үчүн хова техникасы жардамга берилди. 11-12-апрелде жааган жамгырдан кийин Раззаков-1-2-3-4, Ак-Булак, Тайлан, Чымкен жана Самат айылдарындагы жолдор, арыктар оңдолуп, сай ичиндеги баш аламан суулар өз нугуна салынган 780метр аралык тазаланды. 30-апрель күнү жааган жамгырдан кийин Восточная көчөлөрүндөгү сел сууларынын нугу бурулуп, Нооданек, Чагатай, Пионерская жана Нимат көчөлөрүнө өтүүчү сел бузган жолдор калыбына келтирилди. 1-2-3-май күндөрү Раззаков шаарынын аймагында катуу нөшөрлөп жааган, мөндүрдөн кийин сел чыгып, Раззаков шаарынын Раззаков-1,2,3,4 кварталындагы Исфана-1 сайындагы жана Тайлан, Ак-Булак, Чымкен жана Самат айылдарындагы ички чарбалык авто жолдорду, арыктарды жана арыктардын баштарын жууп, жараксыз абалга келтирген. Бул боюнча өз убагында акттар түзүлүп, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө маалыматтар берилген. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Тайлан айылындагы Тайлан сай участкасына 2011-жылы курулган темир бетон тосмонун (8метр) баш тарабын сел бузган, мэриянын техникалдары менен кулаган дамбанын бөлүгүн тургузуп, айлансы механикалык жактан тазаланган.
Самат айылынын Чомо-Аксакал көчөсүндөгү селден тосмо дамбаны бекемдөө боюнча 90 метр аралыкка кум, шагыл сүрүлүп, сел ачкан зубтары бекемделди, 15-майда мектеп балдар каттоочу жолду ачуу үчүн 65 м аралыкка кум сүрүлүп, суунун нугу бир тарапка бурулуп, жол оңдолду. Чымкен айылынын Кызыл-Кыштоо участкасына өтүүчү авто жол оңдолуп, пайдаланууга берилди. Раззаков-1,2 кварталдарында, Восточная көчөсүндө, Жаңы-Конушта, Самат айылынын Беш-Бала участкасында, Тайлан айылында сел аралар ачылды. Баткен-Раззаков жолунда объездной жолдо 40 м сел жолу, А.Ходжаматов жана Чынар көчөлөрүндө 160 м сел жолдору сел ара арыктары ачылды. Чымкен айылына суугат суу бурулуп, Катар-Өрүк участкасындагы селге толгон бетон трубалар, обьезной жолдон түшкөн шагылдар арыктардан тазаланып, Раззаков 5 кварталындагы Э. Эгембердиев, Х. Кундузова, Тоголок Молдо жана К. Баратов атындагы көчөлөрү калыбына келтирилип, жалпы - 2080 метр, 1530 метрине арык (кувейт) ачылган. Чымкен, Самат жана Ак-Босого айылдарындагы ички чарбалык авто жолдорду, арыктарды 2026-жылдын 11-июнь күнү кайра эле сел келип, аткарган иштерди жууп кеткен. Чымкен, Самат, Ак-Босого айылдарында кайрадан калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү.19-июнда Төө-Жайлоо массивине нөшөрлөп жааган жамгыр, мөндүрдөн кийин чыккан сел Раззаков 1,2,4 кварталдарынын жана Чымкен, Самат, Беш-Бала, Ак-Босого айылдарындагы жолдорду, арыктарды бузуп, жараксыз кылган.
Кайра калыбына келтирүү иштери жүргүзүү үчүн шаар мэриясынын эсебинен жалпы 4750литр күйүүчү май сарпталды. Иштетилген күүйүүчү майлар, аткарылган жумуштар боюнча ар бир айыл, кварталдардын акттары түзүлүп, сүрөттөрү тиркелген.
Райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү менен биргеликте шаар ичиндеги соода түйүн, базарларга, окуу борборлоруна өрт коопсуздугунун алдын алуу боюнча машыгуулар болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Раззаков шаарынын Восточная көчөсүнө сел ара каналын курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. КР ӨКМ алдын алуу иш-мерчеминин негизинде 2026-жылга Узун сай участкасынын шагылга толгон сай ичин 1000 метр аралыгын механикалык жактан тазалады.
КР ӨКМнен жана облустук, райондук башкармалыктарынан келген аба-ырайы жөнүндөгү билдирүү каттар өз убагында тийешелүү адистерге, жергиликтүү калкка маалымат үчүн жеткирилип турду.
Иш-кагаздары жана уюштуруу иштери боюнча:
2026–жылдын 6 ай ичинде “Инфодокс”, “Санарип–Аймак” жана “Е–кызматы” программалары менен толук кандуу иштер жүргүзүлдү:
“Инфодокс” программасы аркылуу 6 ай ичинде 2059 чыгыш иш кагаздары, 710 жарандардын арыздары, 1323 жогорку органдардан ж.б. мекеме-ишканалардан нормативдик-укуктук актылар, каттар катталаган жана аткарууга алынган.
Раззаков шаарынын мэриясынын конкурстук комиссиясы (буйрук №01–03–9 04.02.2025–ж.) тарабынан административдик муниципалдык кызматынын кадрлар резервине үч жолу конкурс жарыяланып, жалпысынан 20 талапкердин иш кагаздары кабыл алынган жана НРК программасына маалыматтары киргизилген. Жыйынтыгында үч жолу конкурс өткөрүлүп, 3 талапкер кадрлар резервине киргизилген (буйрук №01–03–65. 16.03.2026–ж., буйрук №01–03–132. 14.05.2026–ж.) 6 ай ичинде кадрлар резервинен 3 жаран муниципалдык кызматка кабыл алынган.
Раззаков шаарынын мэриясынын 6 ай ичинде бекитилген графикке ылайык кезектеги эмгек өргүүсүнө 6 муниципалдык жана 2 контракттын негизиндеги кызматкер, 2 түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери 2 техникалык тейлөө кызматкери чыгышкан.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-майындагы “Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлерине эмгектин татаалдыгы, сапаты, натыйжасы, кесиптик демилге көрсөткөндүгү жана ченемделбеген иш режими үчүн үстөктү эсептөөнүн жана төлөөнүн типтүү тартибин бекитүү жөнүндө” №143 токтому жана ушул токтом менен бекитилген типтүү тартибинин негизинде Раззаков шаарынын мэриясынын административдик муниципалдык кызматчыларын иш–планына жана өтчеттору алынып, баалоо иштери жүргүзүлүп келүүдө.
Раззаков шаарынын мэриясы тарабынан 2026-жылдын 6 ай ичинде аткарылган иш кагаздарынын саны:
№ | Нормативдик-укуктук актылардын ж.б. аталышы | 2026-ж. 6 ай |
1 | Кабыл алынган токтомдор | 56 |
2 | Чыгарылган буйруктар | 189 |
3 | Кадрлар боюнча өздүк буйруктар | 14 |
4 | Иш сапарына жөнөтүү боюнча буйруктар | 44 |
6 | Көзү өткөн жарандарга берилген справка ф-50 | 24 |
7 | Убактылуу каттоого алынган жарандар | 6 |
8 | Өткөрүлгөн конкурстар | 3 |
9 | Өткөрүлгөн аппараттык чогулуштардын протоколдору | 12 |
10 | Мэрдин кабыл алуусунда болгон жарандардын саны | 186 |
Арыз жана каттар боюнча:
№ | Иш кагаздарынны аталышы | 2026-ж. 6 ай |
1 | Жогорку органдардан, мекеме, ишканалардан келген иш кагаздарынын (токтом, буйрук, кат ж. б.) саны | 1323 |
2 | Жарандардан келген арыздардын саны | 710 |
3 | Тийиштүү жогорку органдарга, мекеме-ишканаларга, жарандарга жөнөтүлгөн чыгыш иш кагаздардын саны | 2059 |
II БӨЛҮК
ТҮЗҮМДҮК СТРУКТУРАЛАР:
“Раззаков элге кызмат” муниципалдык ишканасы боюнча:
“Раззаков элге кызмат” муниципалдык ишканасы 2024-жылдын 30-июлунда КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде КР жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жонүндөгү” №52 токтомунун негизинде түзүлгөн. Муниципалдык ишкананын штаттык бирдиги жылдын башында-24. Азыркы күндө 3 кызматкер эмгектенип келе жатат. Ишкананын негизги бөлүгү жайыт, суу-ирригация болуп саналат. Ишкана өзүнүн каржы чарбалык ишмердүүлүгүн чарба жүргузүүчү уюм (хозрасчетная организация) катары алып барат.
2026-жылдын 1-жарым жылдыгына карата “Раззаков элге кызмат” муниципалдык ишкансынын кирешеси:
1.Муниципалдык мал базардан – 418860сом
2.Раззаков-Бишкек унаа каттамынан – 52000сом
3.Автобустардан – 92130сом
4.Келишимдер – 170000сом
5.Суу жана ирригациядан – 11000сом
2026-жылдын 1-жарым жылдыгына карата “Раззаков элге кызмат” муниципалдык ишкансынын чыгашасы:
1.МИнын кызматкерлеринин эмгек акысы – 903584сом
2.Киреше салыгы – 73097сом
3.Соц/фонд төлөмү 17,25% – 25940сом
4.Соц/фонд төлөмү 8% – 12709сом
5.Соц/фонд төлөмү 2% – 26783сом
6.Профсоз төлөмү 1% – 10987сом
7.Бирдиктүү салык, салык карыз – 6600сом
8.Жайыт жолдорун сүрүп тегиздөө үчүн күйүүчү май сатып алуу ЖЧК “Партнер нефть” –95300сом
9.Автобустарга күйүүчү май сатып алуу – 136510сом
2026-жылдын 1-жарым жылдыгына карата “Раззаков элге кызмат” муниципалдык ишкансына түшкөн арыз–каттар боюнча:
Жарандардан түшкөн арыздар – 15 (жайыт жери боюнча)
Жогорку органдардан келген каттар – 17 (суу, жайыт, боюнча)
2026-жылдын январь айынан бери 4 келишим 9 жылдык мөөнөт менен түзүлдү. Жайыт жолдорун сүрдүрүү үчүн 1 тонна күйүүчү май жумшалды (Сер Пая, Шор булак, Кутчу, Кароол дөң, Каптархана, Чеш Дөбө, Тегерек, Шапкырт, Төө Жайлоо жалпысынан 75 км) 10 мал суу ичүүчү жайлар (Шор Булак, Кутчу, Май Кабак, Токол) оңдолгон. Жайыт планы боюнча 6 айдын жыйынтыгы менен 931363сом акча каражаты Раззаков шаарынын мэриясынын бюджетине түштү. Июнь айына план 141500сом болсо, 143520сом аткарылды.
Сугат суу боюнча июнь айына элдерге 491000 куб суу берилди.
Раззаков шаарында 15651га жайыт жери, анын ичинен жазгы–күзгү 2907га, жайкы – 7100га, кышкы – 5644га жайыт жерлери каралган.
“Исфана таза суу” муниципалдык ишканасы боюнча:
“Исфана таза суу” муниципалдык ишканасында бүгүнкү күндө жалпысынан 22 кызматкер эмгектенет; анын ичинен 4 административдик жооптуу кызматкер, 4 кассир - контролер, 2 техник-түзөөтүүчү, 3 суу буруучу сантехник, 1 электрик, 6 күзөтчү, 1 чарбалык иштер боюнча адис жана 1 тех кызматкер. “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасы Раззаков шаарын жана шаарга караштуу айылдарды жана шаардын аймагындагы мекеме-ишканаларды, коммерциялык ишканаларды таза суу менен камсыз кылып келүүдө.
2026–жылдын 6 ай ичинде “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасына Раззаков шаарынын тургундарынан келип түшкөн жазуу түрүндөгү арыздардын саны 250 арыз катталган болсо, баардык арыздарга өз мөөнөтүндө аткарылып жооп берилип турат.
2026–жылга 6 айына “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасынын кирешесине план 4388910сомду түзсө, аткарылышы3862000сомду түзүп, пайыз менен алганда 87,9%ды түзөт. 2025–жылдын 6–айына жыйылган сумма 1826066сомду түзсө 2026–жылдын 6–айына 2150275,47сомду түздү.
“Исфана таза суу” муниципалдык ишканасына 1001 суу пайдалануучунун короосунда суу түтүгү орнотулган, 315 кожолук көчөдөгү суу түтүгүнүн суу пайдалануучулар менен келишим түзүлдү 56 коммерциялык точкалар жана 42 мекеме ишканалар менен келишимдер түзүлдү.
Алты айдын ичинде “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасы өз убагында өзүнө коюлган милдеттерди аткарып пайдалануучуларды таза, сапаттуу ичуучу суу менен камсыз кылууда план тапшырмаларын аткарууда.
Биринчи жарым жылдыктын алкагында авариялык абалдардын саны 366 жетип анын ичинен 351 учуру өз убагында калыбына келтирилип калган 15 учур ар кайсы себептер менен өндоп түзөөнү талап кылууда.
ЕБРР жана ЕФЦА нын каржылоосу менен “ Раззаков (Исфана) шаарынын таза суу системасын реабилитациялоо” долборуун ишке ашыруу боюнча төмөнкү жумуштар аткарылууда:
Бүгүнкү күндө курулуштун 2 этабынын женүүчү катары ЖЧК “Импульс Ош” фирмасы белгиленип, 2026–жылы 14–апрель күнү эки тараптуу келишим түзүлүп, азыркы учурда келишимде каралган графиктин негизинде, Алтын–Бешик айылында 2700метр суу түтүгү орнотулуп кошумча 315метр бүткөрүлдү. Пулон участкасында жалпысынан 18024метр суу түтүгү орнотуулуусу керек болгон болсо анын ичинен бүгүнкү күндө 6100метр суу түтүгү орнотулуп бүткөрүлдү жана жумуштар уланууда.
2026-жылга “Исфана Таза-суу” муниципалдык ишканасына 3212345 сомго дөңгөлөктүү экскаватор сатылып алынды. Анын ичинен 2212345сому Баткен облустук өнүктүрүү фондунан каржыланса калган 1000000сому жергиликтүү бюджеттен каржыланган.
“Лейлек-Тазалык” муниципалдык ишканасы боюнча:
“Лейлек–Тазалык” муниципалдык ишканасында бүгүнкү күндө жалпы 45 кызматкер эмгектенет. Алардын ичинен: 5 жооптуу кызматкер, 2 кассир-контролёр, 8 айдоочу, 10 жүктөөчү жумушчу, 2 багбан, 13 көчө тазалоочу, 2 электрик, 3 күзөтчү жана 1 техничка бар.
“Лейлек–Тазалык” муниципалдык ишканасы негизинен Раззаков шаарынын санитардык абалын көзөмөлдөө, шаарды көрктөндүрүү, түнкү жарыктарды тейлөө, ошондой эле келишим түзүлгөн мекеме-ишканаларды жана жеке кожолуктардын таштандыларып алып чыгуу менен алектенет. Бүгүнкү күндө ишкананын балансында 20 даана техника бар. Алардын ичинен 10 техника жарактуу абалда, 7 техника оңдоого муктаж, ал эми 3 техника жараксыз абалда турат. Аталган техникалардын жардамы менен шаардын тазалыгын камсыздоо, көчөлөргө суу себүү, гүлдөрдү жана арчаларды сугаруу, шаардын аймагындагы көрнөк жарнактарды илүү, ошондой эле түнкү жарыктардын үзгүлтүксүз күйүп турушун камсыздоо жумуштары аткарылууда.
2026–жылга карата 9927 абонент (2482 жеке кожолук) менен келишим түзүлгөн. Мындан сырткары 33 мекеме–ишканалар жана 186 коммерциялык түйүн менен келишим түзүлүп, белгиленген график боюнча таштанды чыгаруу иштери жүргүзүлүүдө. Күнүнө орточо 4–5 рейс, айрым учурларда 6 рейске чейин турмуш–тиричилик калдыктары чыгарылууда.
2026–жылдын 6 айына карата “Лейлек–Тазалык” муниципалдык ишкансынын кирешеси: Коммерциялык уюмдардан – 353600сом, мекеме-ишканалардан – 217678сом, жеке кожолуктардан – 1312964сом, субсидия – 6883542сом. Жалпы атайын эсепке түшкөн каражат 8 767 784 сомду түзгөн.
2026–жылдын 1–жарым жылдыгына карата “Лейлек–Тазалык” муниципалдык ишкансынын чыгашасы: Эмгек маянасы – 4699700сом, социалдык фонд – 720225сом, киреше салыгы – 855160сом, күйүүчү-майлоочу майлар – 1590000сом;
“Лейлек-Тазалык” муниципалдык ишканасында 6 ай ичинде 39 арыз-кат катталып, алардын баарына өз убагында жооп берилген.
2026-жылдын I–II кварталдарында “Лейлек-Тазалык” муниципалдык ишканасы төмөнкү иштер аткарылды: январь, февраль айларында Раззаков шаарынын ички жолдоруна кар жаап, жолдор тайгак болгон учурларда жол коопсуздугун камсыздоо максатында өз убагында шлак жана туз себүү иштери актарууда 12 тонна шлак жана 1,90 тонна туз иштетилди.
Самат Садыков атындагы эс алуучу багынан 16 рейс таштанды чыгарылып, Раззаков стелласыдан жумасына эки жолу таштанды ташылып чыгарылууда.
2026–жылдын 1–жарым жылдыгына карата “Лейлек–Тазалык” муниципалдык ишкансынын чыгашасы:
январь – 240рейс;
февраль – 216рейс;
март – 246рейс;
апрель – 280рейс;
май – 279рейс;
июнь – 220рейс
Жалпысы ТБО боюнча 6 ай ичинде 1235 рейс же 4676 тонна таштанды чыгарылган.
2026–жылдын 1–жарым жылдыгына карата “Лейлек–Тазалык” муниципалдык ишкансы тарабына суюк таштандылар боюнча:
январь – 8 рейс;
февраль – 12 рейс;
март – 15 рейс;
апрель – 11 рейс;
май – 16 рейс;
июнь – 18
Жалпысы ЖБО боюнча 80 рейс же 320 тонна таштанды чыгарылган.
Айтайын техникалар тарабынан аткарылган иштер:
МТЗ-82/1 экскаватору – 154 саат;
Газ-52 вышкасы – 256 саат;
Хова поливалкасы – 52 рейс;
FAW ассенизатору – 80 рейс
Shantui булдозери – 720 мото-саат иш аткарган.
Автоунааларга төмөнкү көлөмдө күйүүчү май сарпталган:
дизелдик отун – 14 тонна 400 литр;
АИ-92 бензини – 2 тонна 200 литр.
Раззаков шаарында ар жума сайын ишембиликтер өткөрүлүп, 6 ай ичинде шаар ичинен 18 рейс таштанды чыгарылган, ошондой эле апрель жана май айларындагы катуу жааган жамгырдын кесепетинен айрым көчөлөрдө сел жүрүп, арыктарга жана жолдорго толгон шагыл, кумдар тазаланып, 4 рейс шагыл–кум чыгарылган. Шаар ичиндеги түнкү жарыктарды жана жол белгилерин тосуп калган бак-дарактар буталып, иретке келтирилди.
Раззаков шаарынын көчөлөрүндө жана айылдарда түнкү жарыктардын үзгүлтүксүз күйүп турушу камсыздалып, бузулган жарыктар оңдолду.
Жалпы төмөнкү жабдуулар жаңыланды: прожектор 50W – 24 даана, прожектор 100W – 36 даана, кабель 2х6 – 460 метр, автомат – 12 даана, изолента – 10 даана, фотореле – 13 даана, пускатель – 9 даана, столба – 7 даана, трос – 340 метр, лампочка – 6 даана, щит – 5 даана.
2026-жылдын 20-мартындагы Нооруз майрамына карата борбордук аянттагы эстеликтер жууп-тазаланып, шыпыруу жана таштанды иргөө иштери жүргүзүлүп, 4 рейс суу себилип, 1 рейс таштанды чыгарылган. Ал эми 21–марттагы Нооруз майрамынан кийин Самат Садыков багындагы борбордук стадион жана балдар аянтчасынан 1 рейс таштанды чыгарылган. Ошондой эле 1, 5–жана 9–май майрамдарына карата борбордук аянттагы эстеликтер тазаланып, шыпыруу жана таштанды жыйноо иштери жүргүзүлүп, 2 рейс таштанды чыгарылган. 9-май — Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган иш–чарадан кийин Самат Садыков багындагы борбордук стадиондон жана балдар аянтчасынан 4 рейс таштанды чыгарылып, борбордук аянтка 6 рейс суу себилди.
Кашка участкасында жайгашкан полигондун айланасына башаламан ташталган таштандылар боюнча ишембилик өткөрүлүп, 5 рейс таштанды полигонго киргизилип, МТЗ-82/1 экскаватору менен сүрдүрүү иштери жүргүзүлдү.
Муниципалдык менчик департаменти боюнча:
Муниципалдык менчик департаментинде (мындан ары – департамент) бүгүнкү күнгө карата штат боюнча 38 кызматкер эмгектенет, анын ичинен 1 департаменттин башчысы, 3 башкы адис, 2 жетектөөчү адис, 1 адис, 1 оператор катчы, 7 жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча кызматкер, 5 муниципалдык мал базардын кызматкерлери, 10 айдоочу, 1 комендант, 5 кароолчу, 1 күзөтчү, 1 техникалык кызматкер эмгектенишет.
2026–жылдын 6 ай ичинде келип түшкөн жалпы арыз каттардын саны 883даана: анын ичинен жеке жарандардан 484арыз, жогорку мекеме ишканалдар келгент 399каттар, ички каттар 94 жана мекеме ишканаларга чыгышталган 947 каттар катталган.
Муниципалдык менчик департаменти тарабынан 2026–жылга 28 ЖЧК көмүр өндүрүүчү шахаталары менен 2240,5миң сомго келишим түзүлүп бүгүнкү күндө 80,0миң сом өндүрүлгөн. Ал эми кварц куму, топурак жана таш карьерлери иштеткен 8 жеке ишкер менен 2026–жылга 399,6миң сомго келишим түзүлүп бүгүнкү күндө 45,0миң сом өндүрүлгөн.
Раззаков шаарынын аймагындагы мамлекеттик жана расмий тилде жазылуусу боюнча аталыштары мыйзамга дал келбеген көрнөк-жарнактар, соода түйүндөрүнүн аталыштары, жазуулары алынып, ирээтке келтирилүүдө жана шаардын “Лейлек” жана “Исфана” базарынын жанындагы ирээтсиз сатуучуларды базар ичине киргизүү боюнча иш жүргүзүлүп, бардык сатуучулар базардын ичине жайгаштырылууда.
Муниципалдык менчиктеги көрктөндүрүүгө берилген жерлердин ижарасы жарым жылдык план 1500,0миң сом, аткарылышы 2019,3миң сомду түзүп 134 % пайызга аткарылган. Муниципалдык менчикте турган оор техникалардан, мал базардан жана коомдук транспорттордон түшкөн каражаттар 2155,1миң сом түшкөн, жылдык план бекилген эмес. Муниципалдык менчикте турган унаа токтотуучу жайдан 31,1миң сом түшкөн, жылдык план бекилген эмес. Аыйл чарбасына жараксыз жерлерди сатуу боюнча жарым жылдык план 1500,0миң сом болсо, аткарылышы 476,0миң сомду түзүп 31,7% аткарылган. Бак дарактарды сатуудан 60,0миң сом түшкөн. Ал эми башка төлөмдөр 560,6миң сомду түзгөн. Жалпы келип түшкөн каражат 5302,6 миң сомду түзгөн.
Борбордук стадионду реконтрукциялоо үчүн долбоордук иш кагаздары даярдалган.
Самат Садыков атындагы паркты реконструкциялоо блюнча долбоордук иш кагаздары даярдалып мамлекеттик экспертизанын кароосуна сунушталган.
Раззаков шаарынын аймагындагы 7 даана союз мезгилинен калган Эски скважиналарды калыбына келтирүү үчүн сметалык, долбордук иш кагаздарын даярдоо боюнча эки жолу мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланып подрятчы тараптар катышпагандыгына байланыштуу бүгүнкү күндө аталган жумушту аткаруу үчүн түз келишим түзүү иш арекеттери жүрүп жатат.
Раззаков шаарынын “Тегирменти” капчыгайында жайгашкан суу алуучу курулмадан Раззаков шаарынын экинчи кичи районундагы суу кампасына 24,0км аралыкка магистралдык суу түтүгүн тартуу үчүн долбордук сметалык иш кагаздарын даярдоо иштери жүрүп жатат.
Балдар ойноочу аянтчаларын куруу боюнча, Раззаков шаарынын Жаңы Конуш 2 көчөсүнө жана Ак-Босого айылына балдар ойноочу аянтча куруу үчүн тийиштуу долбоордук иш кагаздары жана корутундулар алынып мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланып, женүүчүсү аныкталып подрятчы тарабынан курулуш иштери башталуу алдында турат.
Раззакв шаарынын И.Раззаков жана Манас Ата көчөлөрүн асфалттоо иштери үчүн долбоордук сметалык иш кагаздар даярдалууда.
Жерлерди которуу (трансформация) боюнча маалымат. Разаков шаарынын күн чыгыш тарабындагы №535–контурунан муниципалдык базар куруу үчүн 10,34 га жер тилкесинин трансформациялоо боюнча иш кагаздары даярдалып райндук комиссиянын кароосуна сунушталган.
Разаков шаарынын амагында жайгашкан №480–контурунан 1,20 га жер тилкесин “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууга социалдык объектерди куруу үчүн трансформациялоо боюнча иш кагаздары даярдалып райондук комиссиянын кароосуна сунушталган.
Мэр Д.И.Кенжебаев