ПостановлениеДействует

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2026-жылдын 10-сентябрындагы «Дөбөлү айыл аймагынын Таш-Башат айылындагы спорт комплексин өткөрүп берүү жөнүндө» №28/2 токтому

Редакцияот 10.09.2026
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ XXVIII СЕССИЯСЫ

 

2026-жылдын 10-сентябры №28/2

 

  Дөбөлү  айыл  аймагынын Таш-Башат айылындагы спорт комплексин өткөрүп берүү жөнүндө

 

         Дөбөлү айыл аймагынын Таш-Башат айылындагы спорт комплексинин имаратын Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө 2022-жылдын 15-мартындагы №37 Мыйзамынын 19-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Нарын райондук балдар өспүрүмдөр спорт мектебине өткөрүп берүү боюнча Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновдун баяндамасын угуп жана талкуулап, Дөбөлү  айыл  аймагынын айылдык  Кеңешинин депутаттарынын  сессиясы токтом кылат: 

1.    Дөбөлү айыл аймагынын Таш-Башат айылындагы спорт комплексинин жер тилкеси жана имаратын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Нарын райондук балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин балансасына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин. 

2.    2024-жылдын 23-июлундагы Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын кезексиз 22-сессиясынын №22/1 токтому жокко чыгарылсын. 

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.

 

    

Төрага:

 

Б. Шералиев