Раззаков шаардык кенешинин 2026-жылдын 24-июлундагы №19 «Жер пайдалануу, шаар куруу жана архитектура ченемдери, жер казынасы маселелерин кароо жөнүндө» токтому
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Раззаков шаардык кенеши (жетинчи чакырылышы) кезектеги XX сессиясы
2026-жылдын 24-июлу №19
Жер пайдалануу, шаар куруу жана архитектура ченемдери,
жер казынасы маселелерин кароо жөнүндө
Раззаков шаарына караштуу жер пайдалануу, шаар куруу жана архитектура ченемдери, жер казынасы маселелерин кароо жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27- жана 34- беренелерине ылайык Раззаков шаардык Кеңеши токтом кылат:
- Раззаков шаарына караштуу жер пайдалануу, шаар куруу жана архитектура ченемдери, жер казынасы маселелери көңүлгө алынсын. (Маалымат тиркелет)
- Белгиленген кемчиликтерди четтетүү жана аткарууга алуу жагы Раззаков шаарынын мэриясына милдеттендирилсин.
- Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.razzakov.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, жерлер жана айыл чарба тармагы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага С.А.Саматов
Раззаков шаардык Кеңешинин
2026-жылдын 24-июлундагы
№ 19 токтомуна тиркеме
I. КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы №43 Токтому менен бекитилген «Кум шагал аралашмасын жана чопо топурак казып алуу укуктарын мамлекеттик каттоо жөнүндө» Жобонун аткарылышы боюнча:
Кыргыз Республикасынын аймагындагы кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурактарын казып алууну жүзөгө ашыруучу жактарга Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаарынын аймагында ишмердүүлүк жүргүзүү боюнча Лейлек районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан Раззаков шаары мэриясынын аймагында 2025-жыл ичинде 2 (эки) күбөлүк берилген.
Ал эми мөөнөтү 2025-жылга чейин берилген 1 күбөлүктүн мөөнөтү бүткөн .
Жалпы кум шагыл шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып иштеткен 10 ЖЧК, жеке ишкер болсо, муниципалдык менчик департаментине 437,4 миң сом ижара акы төлөшкөн. Аталган ЖЧКлар жана жеке ишкерлер боюча алып караганда;
1.“Канатбек” ЖЧКсына Лейлек районунун Раззаков шаар мэриясынын аймагындагы Көтөрмө участогундагы жер тилкесинен чопо топурак казып алуу үчүн Лейлек районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан 2020-жылдын 27-февралында үч жылдык мөөнөт менен 3,6 га жер аянтына каттоо №3 күбөлүк берилген. 2023-жылы мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу үч жылга узартылган. Раззаков шаар мэриясы менен 2024-жылдын 28-ноябрында №17 ижаралоо келишими түзүлгөн. Ижара акысы жылына 18,0 мин сом белгиленип, 18,0 мин сом ижара акысы толук төлөнүп берилген.
2.Жеке ишкер Б.А.Кадыровго Лейлек районунун Раззаков шаарынын «Үч темир» участкасындагы чопо топурак казуу үчүн Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан 2016-жылдын 23-майында он тогуз жылдык мөөнөт менен 6,0 га жер аянтына 4760 ТЕ Лицензиясы берилген. 2016-жылдын 21-июлунда №22 жерди ижаралоо келишими түзүлгөн. Ижара акысы жылына 10,0 мин сом белгиленип, 10,0 мин сом ижара акысы толук төлөнүп берилген.
3.”Строительный легион” ЖЧКсына Лейлек районунун Раззаков шаарынын “Шор-Булак” участкасындагы курулуш иштерине керектелүүчү сынык таш карьерин ачуу үчүн Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары,экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан 2023-жылдын 20-ноябрында жыйырма жылдык мөөнөт менен 5,0 га жер аянтына №7428ТЕ лицензиясы берилген. 2025-жылдын 26-мартында №16 ижаралоо келишими түзүлгөн. Ижара акысы жылына 75,0 мин сом белгиленип, 75,0 мин сом ижара акысы толук төлөнүп берилген.
4.Жеке ишкер С.Омурзаковго Лейлек районунун Раззаков шаарынын «Алма бак» участкасындагы кургак сайдын нугунан Лейлек районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан Лейлек районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан 2021-жылдын 14-июнунда үч жылдык мөөнөт менен 4,4 га жер аянтына каттоо № 10 күбөлүк берилген. Таш майдалоочу дробилка орнотуп, “Кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алуу укуктарын мамлекеттик каттоо жөнүндөгү” токтому менен бекитилген жобонун талаптарына ылайык иш жүргүзүү, өнөр жай жана экологиялык коопсуздук бөлүгүндө оң эксперттик корутунду жана техникалык долбоор түзүп, 2024-жылдын 14-июнунда мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу мөөнөтү 3 жылга узартылган. 2025-жылдын 10-сентябрында №99 ижаралоо келишими түзүлгөн. Ижара акысы жылына 44,0 мин сом белгиленип, 44,0 мин сом ижара акысы толук төлөнүп берилген.
5.“Эл Достугу” ЖЧКсына Лейлек районунун Раззаков шаарынын Самат айылынын Кара-Суу дарыясынын жээктеринен кум-шагыл аралашмасын казуу үчүн Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары,экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан 2023-жылдын 31-июлунда он беш жылдык мөөнөт менен 5,6 га жер аянтына №6156 ТЕ лицензиясы берилген. 2019-жылдын 10-июнунда №1 жерди ижаралоо келишим түзүлгөн. Ижара акысы жылына 20,0 мин сом белгиленип, 20,0 мин сом ижара акысы толук төлөнүп берилген
6.Жеке ишкер А.Хатамовго Лейлек районунун Раззаков шаарынын аймагынын “Таш-Кен Даана” участогунан курулуш иштерине керектелүүчү кынама таш карьерин ачуу иштерин жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары,экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан 2024-жылдын 12-ноябрында жыйырма жылдык мөөнөт менен 11,64 га жер аянтына №7582 ТЕ лицензиясы берилген. 2025-жылдын 26-мартында №17 ижаралоо келишими түзүлгөн. Ижара акысы жылына 174,6 мин сом белгиленип, 174,6 мин сом ижара акысы толук төлөнүп берилген.
7.”Кош-Булак” ЖЧКсына Лейлек районунун Раззаков шаарынын аймагынын “Кароол-Дөн” участогунан кварц кумун казуу иштерин жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары,экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан 2023-жылдын 19-апрелинде жыйырма жылдык мөөнөт менен 4,69 га жер аянтына №7323 ТЕ лицензиясы берилген. 2023-жылдын 21-сентябрында № 2 ижара келишими түзүлгөн. Ижара акысы жылына 30,0 мин сом белгиленип, 30,0 мин сом ижара акысы толук төлөнүп берилген.
8.”Кош-Булак” ЖЧКсына Лейлек районунун Раззаков шаарынын аймагынын “Джарамасай” участогунан кварц кумун казуу иштерин жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары,экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан 2015-жылдын 12-мартында жыйырма жылдык мөөнөт менен 4,5 га жер аянтына №3994 ТЕ лицензиясы берилген. 2015-жылдын 22-мартында № 7 ижара келишими түзүлгөн. Ижара акысы жылына 22,0 мин сом белгиленип, 22,0 мин сом ижара акысы толук төлөнүп берилген. Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары,экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кыргыз геология кызматы тарабынан 2024-жылдын 27-январындагы №05-6/443 сандуу чыгыш катында тиешелүү комиссиянын чечими менен 2015-жылдын 12-мартындагы №3994 ТЕ лицензиясы жокко чыгарылган. “Джарамасай” участогундагы 4,5 га жер тилкесине жасалган рекультивация иштерин кабыл алуу процессинде турат.
9.Жеке ишкер Ш.Х.Нишановго Лейлек районунун Раззаков шаарынын «Кара-Суу» дарыясынын нугунан №471-контурда кум-шагыл казуу үчүн Лейлек районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан 2025-жылдын 27-майында үч жылдык мөөнөт менен 0,1 га жер аянтына каттоо № 2/2025 күбөлүк берилген. 2025-жылдын 12-июнунда №54 ижаралоо келишими түзүлгөн. Ижара акысы жылына 10,0 мин сом белгиленип, 10,0 мин сом ижара акысы толук төлөнүп берилген.
10.Жеке ишкер Б.А.Кадыровго Лейлек районунун Раззаков шаарынын «Кара-Суу» дарыясынын нугунан №187-контурда кум-шагыл казуу үчүн Лейлек районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан 2025-жылдын 28-майында үч жылдык мөөнөт менен 0,1 га жер аянтына каттоо № 3/2025 күбөлүк берилген. 2025-жылдын 12-июнунда №55 ижаралоо келишими түзүлгөн. Ижара акысы жылына 10,0 мин сом белгиленип, 10,0 мин сом ижара акысы толук төлөнүп берилген. Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын алдындагы кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алуу укуктарын мамлекеттик каттоо боюнча райондук комиссиясынын 2025-жылдын 26-декабрындагы протоколунун негизинде Раззаков шаарынын «Кара-Суу» дарыясынын нугунан №187-контурда кум-шагыл казып алуу укугун алган жеке ишкер Кадыров Бактыяр Абдималиковичдин 2025-жылдын 28-майындагы №3/2025 сандуу №26146126 күбөлүгү жокко чыгарылган.
11.”Нур” ЖЧКсына Лейлек районунун Раззаков шаарынын Самат айылындагы «Кара-Суу» дарыясынын нугунан кум-шагыл казуу үчүн Лейлек районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан 2019-жылдын 9-октябрында үч жылдык мөөнөт менен узартылган 0,1 га жер аянтына каттоо № 1 күбөлүк берилген. 2025-жылдын 9-апрелинде №20 ижаралоо келишими түзүлгөн. Ижара акысы жылына 10,0 мин сом белгиленип, 10,0 мин сом ижара акысы толук төлөнүп берилген. Лейлек районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан 2019-жылдын 9-октябрындагы берилген №1 күбөлүктүн мөөнөтү 2025-жылдын 9-октябрында бүткөн.
II. КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы №810 Токтому менен бекитилген «Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү маселелери жөнүндө» Жобонун аткарылышы боюнча:
Жалпы көмүр кенин казып иштеткен 30 ЖЧК болсо, 2 ЖЧКнын келишим мөөнөтү бүткөн (Наби ЖЧК, Южный ТРИ ЖЧК). Муниципалдык менчик департаментине 1882,6 миң сом ижара акы төлөнгөн. Аталган жоопкерчилиги чектелген коомдору боюча №1 тиркеме тиркелет;
Раззаков шаарынын мэриясынын
алдындагы муниципалдык менчик
департаментинин башчысы: А.З.Насиров
Тиркеме 1
Раззаков шаарынын аймагындагы убактылуу пайдаланууга көмүр кенин, кум шагал, топурак, ак кум, таш карьерлерин ачып,
казып иштетүүгө жер тилкелерин ижарага алган жоопкерчилиги чектелген коомдор, жеке ишкерлер боюнча
МААЛЫМАТ
№ | Айыл аймактын, шаардын аталышы | Жер казынасын пайдаланып жаткан юридикалык жана жеке субьектин аталышы | Укук аныктоочу жана укук куболондуруучу документтери (ИНН) | Жердин аянты (га ) | Рекультивация иштери жүргүзүлгөн жер аянттары | Бузулган жер аянттары боюнча маалымат |
1 | Раззаков шаар мэриясы | “Матазим” ЖЧК | Лицензия 3580 СЕ, мөнөөтү 21.04.2014 ж. 16.04.2029 ж.ч. ИСН 00305201210020, бланка № 000442. Матазимов Орозбай Абдималикович | 1,5 га |
|
|
2 | Раззаков шаар мэриясы | “Ашимбай” ЖЧК | Лицензия 5474 СЕ, мөнөөтү 20.06.2017 ж. 20.06.2036 ж.ч. ИСН 01612201110022, бланка № 000847. Кучаров Рахматулла | 0,80 га |
|
|
3 | Раззаков шаар мэриясы | “Ашимбай” ЖЧК | Лицензия 3263 СЕ, мөнөөтү 27.03.2013 ж. 31.12.2031 ж.ч. ИСН 01612201110022, Кучаров Рахматулла | 4,0 га |
|
|
4 | Раззаков шаар мэриясы | “Ахмат Кен” ЖЧК | Лицензия 4191 СЕ, мөнөөтү 17.06.2015 ж. 17.06.2035 ж.ч. ИСН01610201410145, АбдуназаровБактыбек Ахматович | 0,30 га |
|
|
5 | Раззаков шаар мэриясы | “Ади-Нур” ЖЧК | Лицензия 3463 СЕ, мөнөөтү 31.01.2014 ж. 24.01.2029 ж.ч. ИСН 0260621210070. бланк №000320. Сайткулов Алмазбек Саиткулович – 50%, Абдухамитов Мирланбек Имамидинович – 50% | 5,05 га |
|
|
6 | Раззаков шаар мэриясы | “Узун-Сай” ЖЧК | Лицензия 1320 СЕ, мөнөөтү 24.08.2007 ж. 25.09.2029 ж.ч. ИСН 01008200610077, бланка № 002585.Уметов Исмаил Толукбаевич | 0,78 га |
|
|
7 | Раззаков шаар мэриясы | “Узун-Сай” ЖЧК | Лицензия 3928 СЕ, мөнөөтү 11.02.2015 ж. 11.02.2034 ж.ч. ИСН 01008200610077, бланк № 01435. Уметов Исмаил Толукбаевич | 2,2 га |
|
|
8 | Раззаков шаар мэриясы | “Бай-Комур” ЖЧК | Лицензия 3457 СЕ, мөнөөтү 27.01.2014 ж. 12.01.2029 ж.ч. ИСН 01502201310012, бланк № 000301. Жумагулов Талантбек Абдыкулович – 50%, Дастанбек уулу Батырбек – 50% | 3,71га |
|
|
9 | Раззаков шаар мэриясы | “Кызылсай” ЖЧК | Лицензия 4691 СЕ, мөнөөтү 13.04.2016 ж. 13.04.2031 ж.ч. ИСН 03007201510019, бланк № 02644. Кучаров Тыныбек Рахматуллаевич | 10,76га |
|
|
10 | Раззаков шаар мэриясы | “Алтын-Комур” ЖЧК | Лицензия 3774 СЕ, мөнөөтү 27.11.2014 ж. 27.11.2029 ж.ч. ИСН 03110200810140, бланк № 000700. Кучаров Нурудин Нусрутуллаевич | 4,43га |
|
|
11 | Раззаков шаар мэриясы | “Өсөр” ЖЧК | Лицензия 3634 СЕ, мөнөөтү 29.05.2014 ж. 29.05.2029 ж.ч. ИСН 00611201210011, бланк № 000514. Осор уулу Дастанбек | 2,0га |
|
|
12 | Раззаков шаар мэриясы | “Жаныбек Айтматов” ЖЧК | Лицензия 3925 СЕ, мөнөөтү 11.02.2015 ж. 11.02.2030 ж.ч. ИСН 00707201410070, бланк № 000762. Айтматов Манас Жаныбекович | 6,97га |
|
|
13 | Раззаков шаар мэриясы | “Абдукахар кен” ЖЧК | Лицензия 4162 СЕ, мөнөөтү 08.06.2015 ж. 07.02.2029 ж.ч. ИСН 01602201510019, бланк № 000332. Якубов Зайнитдин Кахарович-25%,Якубов Пахритдин Кахарович-25%, Якубова Шодат Кахаровна-25%, Якубова Диляфруз Кахаровна – 25% | 10,35га |
|
|
14 | Раззаков шаар мэриясы | “Ас Бек финанс груп” ЖЧК | Лицензия 4017 СЕ,(5236 СЕ) мөнөөтү 26.03.2015 ж. 16.02.2027 ж.ч. ИСН 01711201410079, бланк № 1110. Бектемирова Эльмира Абдужапаровна |
1,86га |
|
|
15 | Раззаков шаар мэриясы | “Сулюкта - Акжол” ЖЧК | Лицензия 5032 СЕ, мөнөөтү 25.10.2016 ж. 25.10.2035 ж.ч. ИСН 01312201010041, бланк № 000254. Тагаймуратов Ахматали Сапарович -34%, Токтобаев Довран Балтабаевич – 33%, Абылбеков Ибрагим Ахунбекович – 33% | 3,15га |
|
|
16 | Раззаков шаар мэриясы | “Кенчи-1” ЖЧК | Лицензия 3265 СЕ, мөнөөтү 27.03.2013 ж. 06.04.2033 ж.ч. ИСН 00308201110013, бланк № 000481. Дүйшобай уулу Дастанбек | 2,0га |
|
|
17 | Раззаков шаар мэриясы | “К.Раимбердиева” ЖЧК | Лицензия 3412 СЕ, мөнөөтү 23.12.2013 ж. 23.12.2032 ж.ч. ИСН 03010200010079, бланк № 01433. Асанов Мурзали Дадабаевич – 90%, Худайбердиев Эркин Эгембердиевич – 10% | 4,13га |
|
|
18 | Раззаков шаар мэриясы | “К.Раимбердиева” ЖЧК | Лицензия 6833СЕ, мөнөөтү 28.12.2020 ж. 28.11.2040 ж.ч. ИСН 03010200010079, Мурзали уулу Замирбек | 5,4га |
|
|
19 | Раззаков шаар мэриясы | “Г.Осмонова” ЖЧК | Лицензия 3006 СЕ, мөнөөтү 26.03.2016 ж. 25.03.2031 ж.ч. ИСН , бланк № . Худайбердиев Эркин Эгембердиевич – 52%, Осмонов Туракул Галбаевич – 48% | 7,0га |
|
|
20 | Раззаков шаар мэриясы | “Байкал плюс” ЖЧК | Лицензия 5569 СЕ, мөнөөтү 20.09.2017 ж. 20.09.2036 ж.ч. ИСН 01205201610010, бланк № 001032. Ашимов Асилбек Гурбаевич | 7,19га |
|
|
21 | Раззаков шаар мэриясы | “Мурас-1” ЖЧК | Лицензия 4123 СЕ, мөнөөтү 06.05.2015 ж. 06.05.2028 ж.ч. ИСН 02005201310024, бланк № 01656. Мурасатов Анарбек Пахридинович | 1,0га
|
|
|
22 | Раззаков шаар мэриясы | “Бар-Кен” ЖЧК | Лицензия 4597 СЕ, мөнөөтү 15.02.2016 ж. 15.02.2031 ж.ч. ИСН 02904201510074, бланк № 02467. Жанышбек уулу Максут | 4,02га |
|
|
23 | Раззаков шаар мэриясы | “Мангуст” ЖЧК | Лицензия 4596 СЕ, мөнөөтү 15.02.2016 ж. 15.02.2035 ж.ч. ИСН 02412201410077, бланк № 002587. Гр.КНР: Лю,Цаньюнь-60%, Лю, И – 40% | 20,37га |
|
|
24 | Раззаков шаар мэриясы | “НКС Компани” ЖЧК | Лицензия 6903 СЕ, мөнөөтү 09.06.2021 ж. 08.05.2041 ж.ч. ИСН 01712201810111, бланк № 000135. Кудайбердиев Алим Ташполотович-15%, Абдыкапаров Кумушбек Ырыскулович – 6%, Цзян Чжидун – 79%
| 41,0га |
|
|
25 | Раззаков шаар мэриясы | “Кенчилер - Береке” ЖЧК | Лицензия 5120 СЕ, мөнөөтү 19.12.2016 ж. 19.12.2026 ж.ч. ИСН 01709201510039, бланк № 000339. Каримов Мамасали Мирзаевич | 6,65га |
|
|
26 | Раззаков шаар мэриясы | “Каухар кен Плюс” ЖЧК | Лицензия 7240 СЕ, мөнөөтү 09.01.2023 ж. 09.12.2042 ж.ч. ИСН 00408201610058, бланк № 000309..Кадыркулов Канатбек Курбанбекович | 43,50га |
|
|
27 | Раззаков шаар мэриясы | “Южный три” ЖЧК | Лицензия 6225 СЕ, мөнөөтү 18.06.2019 ж. 18.06.2025 ж.ч. ИСН 01201201610141, бланк № 000069. ОсОО Горнопромышленная компания Цзян Шэн – 60%, Асанов Тендик Мамбетович – 40% | 2,5га |
|
|
28 | Раззаков шаар мэриясы | “Адахан” ЖЧК | Лицензия 7634 СЕ, мөнөөтү 25.03.2025 ж. 25.05.2045 ж.ч. ИСН 00712201510041, бланк № 000839. Токтогулов Асылбек Раимкулович | 10,26га |
|
|
29 | Раззаков шаар мэриясы | “Толукбай” ЖЧК | Лицензия 7540 СЕ, мөнөөтү 25.06.2024 ж. 25.06.2044 ж.ч. ИСН 01410201410022, бланк № 000574. Уметов Исмаил Толукбаевич | 16,39га |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
1 | Раззаков шаар мэриясы | ЖИ Кадыров Бактыяр Абдималикович (топурак) | Лицензия 4760 ТЕ, мөнөөтү 23.05.2016 ж. 23.05.2035 ж.ч. ИСН 22708198700403, бланк № 000196. Кадыров Бактыяр Абдималикович | 6,0га |
|
|
2 | Раззаков шаар мэриясы | “Эл достугу” ЖЧК (кум-шагыл) | Лицензия 6156 ТЕ, мөнөөтү 31.06.2023 ж. 10.04.2038 ж.ч. ИСН 00603202010148, бланк № 000078. Медеркулов Азамат Малабаевич | 5,6га |
|
|
3 | Раззаков шаар мэриясы | “Строительный легион” ЖЧК (таш) | Лицензия 7428 ТЕ, мөнөөтү 20.11.2023 ж. 20.10.2043 ж.ч. ИСН 01309201210020, бланк № 000599. Хакимбаев Махаматжан Кошакович | 5,0га |
|
|
4 | Раззаков шаар мэриясы | “Кош - Булак” ЖЧК (ак кум) | Лицензия 7323ТЕ, мөнөөтү 19.04.2023 ж. 19.04.2043 ж.ч. ИСН 01001199710014, бланк № 000493. Кайымов Талантбек Исманалиевич | 4,69га |
|
|
5 | Раззаков шаар мэриясы | “Кош - Булак” ЖЧК (ак кум) | Лицензия 3994ТЕ, мөнөөтү 01.03.2015 ж. 12.03.2035 ж.ч. ИСН 01001199710014, Болдубаев Юсуфали Олтимишович | 4,5га |
| Раззаков шаар мэриясына караштуу “Джарамасай” участкасынан 4,5га жер тилкеси |
6 | Раззаков шаар мэриясы | “Канатбек” ЖЧК (топурак) | Күбөлүк №3, мөнөөтү 27.02.2020 ж. 27.02.2026 ж.ч. ИСН 02701201010059, Жороев Камчыбек Айтбаевич | 3,6га |
|
|
7 | Раззаков шаар мэриясы | ЖИ Кадыров Бактыяр Абдималикович (кум-шагыл) | Күбөлүк №3/2025, мөнөөтү 28.05.2025 ж. 27.05.2028 ж.ч. ИСН 22708198700403, Кадыров Бактыяр Абдималикович | 0,10га |
|
|
8 | Раззаков шаар мэриясы | ЖИ Нишанов Шахбоз Хайрулоевич (кум-шагыл) | Күбөлүк №2/2025, мөнөөтү 27.05.2025 ж. 27.05.2028 ж.ч. ИСН 22510200300426, Нишанов Шахбоз Хайрулоевич | 0,10га |
|
|
9 | Раззаков шаар мэриясы | ЖИ Омурзаков Санжарбек Эгембердиевич (кум-шагыл) | Күбөлүк №10, мөнөөтү 14.06.2024 ж. 14.06.2027 ж.ч. ИСН 21906198000978, Омурзаков Санжарбек Эгембердиевич | 4,40га |
|
|
10 | Раззаков шаар мэриясы | ЖИ Хатамов.А.И (таш) | Лицензия 7582 ТЕ, мөнөөтү 12.11.2024 ж. 12.10.2044 ж.ч. ИСН 20504195600532, бланк № 000674. Хатамов Абдунаби Исманович | 11,64га |
|
|
Раззаков шаарынын мэриясынын алдындагы
муниципалдык менчик департаментинин башчысы:- А.З.Насиров