Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2026-жылдын 10-сентябрындагы «Дөбөлү айыл аймагынын Эки-Нарын айылынын «Калмак-Ашуу» участкасында жайгашкан карьерден инерттик материал алууга макулдук берүү жөнүндө» №28/3 токтому
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ XXVIII СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 10-сентябры №28/3
Дөбөлү айыл аймагынын Эки-Нарын айылынын “Калмак-Ашуу” участкасында жайгашкан карьерден инерттик материал алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майындагы № 49 “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Дөбөлү айыл аймагынын Эки-Нарын айылынын айыл башчысы М. Байзаковдун баяндамасын угуп жана талкуулап Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майындагы № 49 “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамынын 35-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Дөбөлү айыл аймагынын Нарын-Орук-Там унаажолунун 43,4-45,0-чмы 1,600 чакырым аралыктарына асфальт төшөө жумуштарына карата Эки-Нарын айылынын “Калмак-Ашуу” участкасында жайгашкан карьерден инерттик материал (кум шагыл аралашмасын) алууга макулдук берилсин.
2. Нарын-Орук-Там унаа жолун асфальт төшөө жумуштары аяктагандан кийин Эки-Нарын айылынын “Калмак-Ашуу” участкасында жайгашкан карьерди рекультивация иштерин жүргүзүү жагы Дөбөлү айыл аймагынын “Ак-Бел” муниципалдык ишканасына тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.
Төрага: |
Б. Шералиев |