ПостановлениеДействует

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2026-жылдын 10-сентябрындагы «Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө кошумча план суроо жөнүндө» №28/4 токтому.

Редакцияот 10.09.2026
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ XXVIII СЕССИЯСЫ

 

2026-жылдын 10-сентябры №28/4

 

   Дөбөлү  айыл   аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө кошумча план суроо жөнүндө

 

         Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы А. Абдыкадыровдун 2026-жылдын бюджетинин аткарылышы жана киреше салыгы боюнча бекитилген пландын ашыгы менен аткарылып жаткандыгы тууралуу баяндамасын угуп жана талкуулап Дөбөлү  айыл  аймагынын айылдык  Кеңешинин депутаттарынын  сессиясы токтом кылат:

 

1.    Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө жыл аягына чейин кошумча 7 425,0 миң сом киреше түшүүсү күтүлүп жаткандыгы эске алынсын.

 

2.    Күтүлүп жаткан кошумча кирешелердин көлөмүнө ылайык, анын ичинде:

 

·         Киреше салыгы боюнча -6 868,0 миң сом;

·         Патенттик негизде алынуучу салыктар боюнча – 557,0 миң сом,  жалпы 7 425,0 миң сом суммасында Дөбөлү айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө кошумча планды белгиленген тартипте бекитип берүү жөнүндө Нарын райондук финансы башкармалыгына тиешелүү сунуш киргизилсин.

 

3.    Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн кошумча кирешелер боюнча зарыл болгон эсептөөлөрдү жана негиздемелерди тиркөө менен Нарын райондук финансы башкармалыгына белгиленген тартипте кайрылуу тапшырылсын.

 

4.    Кошумча план бекитилген учурда тиешелүү кирешелердин жергиликтүү бюджетке түшүүсүн камсыз кылуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлсүн.   

 

    

Төрага:

 

Б. Шералиев