Раззаков шаардык кенешинин 2026-жылдын 24-июлундагы №26 «Раззаков шаарына караштуу айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин убактылуу пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө» токтому
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Раззаков шаардык кенеши (жетинчи чакырылышы) кезектеги XX сессиясы
2026-жылдын 24-июлу №26
Раззаков шаарына караштуу айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин убактылуу пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө
Раззаков шаарынын мэриясынын Төө жайлоо массивиндеги 21-контурунан айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жеринен 13 га жер аянтына “Саркент долбоорун” ишке ашыруу жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык Раззаков шаардык Кеңеши токтом кылат:
- Раззаков шаарынын мэриясынын Төө жайлоо массивиндеги 21-контурунан айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жеринен 13 га жер аянтына “Саркент долбоорун” ишке ашыруу үчүн убактылуу пайдаланууга макулдук берилсин.
- Тиешелүү иш кагаздарын Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүү жагы Раззаков шаарынын мэрине милдеттендирилсин.
- Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.razzakov.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин
муниципалдык менчик, жерлер жана айыл чарба тармагы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага С.А.Саматов