ПостановлениеДействует

Раззаков шаардык кенешинин 2026-жылдын 24-июлундагы №27 «Раззаков шаардык Кеңешинин токтомдоруна жана тескемелерине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому.

Редакцияот 24.07.2026
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Раззаков шаардык кенеши (жетинчи чакырылышы) кезектеги XX сессиясы

2026-жылдын 24-июлу №27

 Раззаков шаардык Кеңешинин токтомдоруна жана тескемелерине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө.

 

Раззаков шаарынын мэриясынын Раззаков шаардык Кеңешинин токтомдоруна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү сунуштарын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 17-беренесине ылайык Раззаков шаардык Кеңеши токтом кылат:

                                                   

  1. Раззаков шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 19-декабрындагы №5 токтомунун 1-пунктуна “Муниципалдык менчикте турган үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору жана фельдшердик акушердик пунктары жайгашкан төмөнкү имараттар “алар жайгашкан жер тилкелери менен” Лейлек жалпы дарыгерлер практикалык борборуна мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин” деген сөздөр менен толукталсын. 
  2. Раззаков шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 31-январындагы “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндөгү” №14 тескемеси менен бекитилген тескеменин 1-бөлүмүнүн 2-пунктундагы “Ж.А.Якубжанов” деген сөздүн ордуна “И.А.Юсупов”, 6-пунктундагы “А.С.Жоробаев” деген сөздүн ордуна “Д.И.Кенжебаев” жана 8-пунктундагы “Н.Дж.Усаров” деген сөздүн ордуна “А.И.Садыков” деген сөздөр менен өзгөртүлүп, толуктоолор киргизилсин.
  3. Раззаков шаардык Кеңешинин 2024-жылдын 27-ноябрындагы “Раззаков шаардык Кеңешине шайланган депутаттардын тизмесин бекитүү жөнүндөгү”  №2 токтому менен бекитилген тиркемесиндеги 25-пунктундагы “Абдиева Гулзат Юсупбаевна” деген сөздүн ордуна “Сагынбек кызы Сымбат” деген сөздөр жана “Раззаков шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндөгү” №5 токтомунун 1-пунктундагы “Абдиева Гулзат Юсупбаевна” деген сөздүн ордуна “Дуйшоев Анарбек Алымкулович” деген сөздөр менен өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин.
  4. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.razzakov.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
  6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин Кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен  иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

  Төрага                                     С.А.Саматов