Чүй айылдык кеңешинин 2026-жылдын 28-майындагы № 10/8 «Чүй айыл аймагынын Чыгыш зонасындагы өнөр жай багытындагы жер тилкесин ижарага берүүгө макулдук берүү жана ижара акысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө» токтому
ЧУЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 28-майындагы № 10/8
Чүй айыл аймагынын Чыгыш зонасындагы өнөр жай багытындагы жер тилкесин ижарага берүүгө макулдук берүү жана ижара акысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы К.С. Медетовдун Чүй айыл аймагынын Чыгыш зонасында жайгашкан жер тилкесин ижарага берүү жана анын акысын бекитүү тууралуу сунушун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексин жетекчиликке алып, Чүй айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан завод-фабрика куруу максатында 49 (кырк тогуз) жылдык мөөнөткө ижарага берилип жаткан, Чүй айыл аймагынын Чыгыш зонасындагы “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жана башка багыттагы жерлер” категориясына кирген, жалпы аянты 202,0 гектар жер тилкесин ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Көз карандысыз баалоонун корутундусунун негизинде, аталган 202,0 гектар жер тилкесинин бир жылдык ижара акысы 1 га жер тилкесине 87 000 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Чүй айыл өкмөтүнө ижара акысын, айыл чарба багытында эмес жер салыгын жана сатуудан алынуучу салыкты Чүй айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине өндүрүп алуу тапшырылсын;
4. Ижара келишимин мыйзамдарда белгиленген тартипте каттоого алуу тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы К.С.Медетовго жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Ы.Ысманов |