Чүй айылдык кеңешинин 2026-жылдын 28-майындагы № 11/2 «МП «Чуй-Водоканал» муниципалдык ишканасынын балансында турган автотранспортын ачык аукцион аркылуу сатуу жөнүндө» токтому
ЧУЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 28-майындагы № 11/2
МП «Чуй-Водоканал» муниципалдык ишканасынын балансында турган автотранспортын ачык аукцион аркылуу сатуу жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген «Муниципалдык мүлктү менчикке берүү тартиби жөнүндө» Жобого ылайык, ошондой эле жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен жараксыз абалга келген техниканы натыйжалуу пайдануу максатында, ИП «МАГС» көз карандысыз баалоочу компаниясынын 2025-жылдын 10-декабрындагы №6 оценкалоо отчётун эске алуу менен Чүй айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. МП «Чуй-Водоканал» муниципалдык ишканасынын балансында турган, төмөнкү автотранспорт каражаты ачык аукционго коюуга уруксат берилсин:
2. Техниканын түрү: «ЭО2621» Чыгарылган жылы: 1985-жыл Мамлекеттик номери: 492TRSC Баштапкы (старттык) сатуу баасы: 60000 сом.
3. Аукционду уюштуруу жана өткөрүү боюнча атайын Комиссия түзүлсүн жана анын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин (Тиркеме №1).
4. Аукцион өткөрүлө турган күнгө чейин 15 календардык күн калганда жалпыга маалымдоо каражаттарына жана расмий сайттарга билдирүү (извещение) жарыяласын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чүй айыл өкмөтүнө караштуу МП “Чуй-Водоканал” мүдүрү А.А.Изаковго жүктөлсүн.
Төрага
|
| А.Ы.Ысманов
|