ПостановлениеДействует

Чүй айылдык кеңешинин 2026-жылдын 25-июнундагы № 11/5 а «Жаңы-Конуштун көчөсүнө ысым ыйгаруу жөнүндө» токтому

Редакцияот 25.06.2026
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧУЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2026-жылдын 25-июнундагы № 11/5 а

Жаңы-Конуштун көчөсүнө ысым ыйгаруу жөнүндө

 

Көчөгө ысым берүү жөнүндө Чүй айылдык кеңешинин ПОШ Жаңы-Конушунун 2 – проектүү көчөсүнүн тургундарынын коомдук ишмер, СССР мезгилинде Чүй өрөөнүнүн өнүгүшүнө чоң салым кошкон маркум Раджапов Орозобек атанын ысымын аталган көчөгө ыйгаруу жөнүндөгү жаматтык арызын угуп жана талкуулап, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамына жана «Географиялык аталыштар жөнүндө» мыйзамына ылайык, Чүй айылдык кеңеши;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чүй айыл өкмөтүнө караштуу ПОШ Жаңы-Конушунун 2-проектүү көчөсүнө Раджапов Орозобек ысымы көчөгө ыйгарылсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чүй айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча комитетинин төрагасы А.Айтиевге.

 

 

Төрага

 

А.Ы.Ысманов