ПостановлениеДействует

Постановление Жогорку Кенеша КР от 18 ноября 2026 года № 824-VIII «О принятии во втором чтении проекта Закона Кыргызской Республики «О ратификации Соглашения о финансировании по проекту «Развитие животноводства и рынка – 3» между Кыргызской Республикой и Международным фондом сельскохозяйственного развития, подписанного 21 июля 2026 года в городе Риме Итальянской Республики и городе Бишкек Кыргызской Республики»

Редакцияот 18.11.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2026-жылдын 18-ноябры № 824-VIII

 

 

«Италия Республикасынын Рим шаарында жана 

Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында 2026-жылдын

21-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун ортосундагы 

«Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү – 3» долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу»

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун

экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши   т о к т о м   к ы л а т:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2026-жылдын 30-сентябрындагы чыг. № 18-12118) «Италия Республикасынын Рим шаарында жана Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында 2026-жылдын 21-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун ортосундагы «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү – 3» долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда аталган мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага

 

М.А. Маматалиев