Постановление Мэрии города Бишкек от 3 ноября 2025 года № 9-нпа «О даче согласия на принятие в муниципальную собственность города Бишкек автомобильных дорог»
БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2026-жылдын 3-ноябры № 9-нпа
Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине автомобиль жолдорун кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Административдик-аймактык реформанын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын административдик чек араларына киргизилген аймактарда жайгашкан автомобиль жолдорун талаптагыдай күтүүнү жана пайдаланууну камсыздоо максатында, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Автомобиль жолдору жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» жана Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 18 «Бишкек шаардык кеңешинин мамлекеттик менчик объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө ченем жаратуу ыйгарым укуктарын Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берүү тууралуу» токтомуна ылайык токтом кылам:
1. Тиркемеге ылайык жалпы узундугу 107,75 км автомобиль жолдорун Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын муниципалдык менчик башкармалыгы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын контролдоо жана уюштуруу иштери башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол тамга коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
2026-жылдын 17-ноябрында https://www.bishkek.gov.kg/assets/uploads/files/1794906533.pdf расмий сайтында жарыяланды
Бишкек шаарынын мэри |
| А.Дж. Джунушалиев |