ПостановлениеДействует

Постановление айылного кенеша Жээк айылного аймака Жээк от 31 января 2025 года № 23/III-29 «Об утверждении Программы социально-экономического развития айыл окмоту Жээк на 2025-2029 годы»

Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

ЖЭЭК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЭЭК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 31-январы № 23/III-29

2025-2029-жылдарга карата Жээк айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик адмиинистрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүдө” мыйзамынын 34-39-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык, бюджет жана финансы туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Жээк айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2025-2027-жылдарга карата Жээк айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Программада камтылган иш-чарлардын аткарылышын камсыз кылуу жагы Жээк айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.

3. Ушул токтом каттоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Жээк айыл кеңешинин бюджет жана финансы туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

2026-жылдын 6-ноябрында https://www.zheek.org.kg/storage/app/media/%D0%B1%D0%BE%D0%BB%D0%B3%D0%B0%D1%80%D0%B8%D1%8F/23-3-29%20%D0%BE%D1%82%2031.01.2025.pdf расмий сайтында жарыяланды

 

 

Төрага

 

Шаршеналиев К.К.