Постановление Жогорку Кенеша КР от 18 ноября 2026 года № 808-VIII «Об избрании Молдобаева А.Т. на должность судьи Конституционного суда Кыргызской Республики»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 18-ноябры № 808-VIII
А.Т. Молдобаевди Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы кызмат ордуна шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан киргизилген Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы кызмат ордуна талапкерге сунушту карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т o м к ы л а т:
1. Молдобаев Алмазбек Тавалдыевич жаш курагынын чегине жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы кызмат ордуна шайлансын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| М.А. Маматалиев |