ПорядокНе вступил в силу

Порядок временного изъятия средств, аккумулируемых на специальных счетах бюджетных учреждений, на возвратной основе ((к постановлению Кабинета Министров Кыргызской Республики от 25 ноября 2026 года № 774)

Редакцияот 25.11.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

Тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-ноябрындагы № 774 токтомуна)

 

Бюджеттик мекемелердин атайын эсептеринде топтолгон каражаттарды кайтарып берүү негизинде убактылуу алып коюу

тартиби

 

1-глава. Жалпы жоболор

 

1.      Бул Тартип Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык иштелип чыккан жана бюджеттик мекемелердин атайын эсептеринде топтолгон каражаттарды кайтарып берүү негизинде убактылуу алып коюу (мындан ары – каражаттарды убактылуу алып коюу) механизмин аныктайт.

2.      Каражаттарды убактылуу алып коюу учурдагы бюджеттик жылдын ичинде республикалык бюджеттин кошумча чыгымдарын жабуу максатында жүзөгө ашырылат.

3.      Каражаттарды убактылуу алып коюу төмөнкү принциптердин негизинде жүзөгө ашырылат:

1)     кайтарымдуулук;

2)     мөөнөттүүлүк;

3)     бюджеттик мекемелердин ишинде бузууларга жол бербөө;

4)     ачык-айкындуулук жана отчеттуулук.

4.      Бул Тартипке ылайык убактылуу алынган каражаттар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталган мөөнөттөрдө, бирок алар убактылуу алынган күндөн тартып кеминде бир календардык жыл өткөндөн кийин бюджеттик мекемелердин атайын эсептерине милдеттүү түрдө кайтарылууга тийиш.

5.      Бул Тартип Бирдиктүү казыналык эсепте атайын эсептери бар бюджеттик мекемелерге карата колдонулат.

 

2-глава. Каражаттарды убактылуу алып коюу жөнүндө чечим

 

6.      Каражаттарды убактылуу алып коюу жөнүндө чечим бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.

7.      Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1)     убактылуу алынуучу каражаттардын жалпы көлөмү;

2)     каражаттары убактылуу алынууга тийиш болгон бюджеттик мекемелердин тизмеги;

3)     ар бир мекеме боюнча каражаттардын өлчөмү;

4)     каражаттарды убактылуу пайдалануу мөөнөтү жана аларды кайтаруу тартиби;

5)     чечимдин аткарылышы үчүн жооптуу мамлекеттик орган;

6)     ушул Тартипти ишке ашыруу үчүн зарыл болгон башка шарттар.

 

3-глава. Алынуучу каражаттарды аныктоо тартиби

 

8.      Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Бирдиктүү казыналык эсептин маалыматтарынын негизинде бюджеттик мекемелердин атайын эсептериндеги каражаттардын калдыктарына мониторинг жүргүзөт.

9.      Алынуучу каражаттардын көлөмү:

1)     отчеттук жылдын башына карата каражаттардын калдыгы мурунку финансылык эки жылдагы түшүүлөрдүн орточо көлөмүнүн 50 пайызынан көп жана 1 000 000 000 (бир миллиард) сомдон жогору болгон учурда милдеттүү тартипте аныкталат;

2)     ушул пункттун экинчи абзацында көрсөтүлгөн критерийге шайкеш келбеген учурларда – бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү менен макулдашуу боюнча, бирок калдыктын суммасынын 50 пайызынан ашпаган өлчөмдө аныкталат.

10.   Алынуучу каражаттардын көлөмүн аныктоодо төмөнкү каражаттар эсептен чыгарылат:

1)     алып коюу мөөнөтүнө карата чыгымдардын корголгон беренелерин төлөөгө арналган;

2)     алып коюу мөөнөтүнө карата түзүлгөн келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн каралган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык мамлекеттик сатып алуулар пландары менен бекитилген;

3)     гранттардын, эл аралык келишимдердин жана долбоорлордун алкагында келип түшкөн;

4)     кредитордук карыздарды төлөө боюнча кабыл алынган милдеттенмелерди аткаруу үчүн зарыл болгон.

 

4-глава. Каражаттарды убактылуу алып коюу тартиби

 

11.   Каражаттарды убактылуу алып коюу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүсүнүн жана тиешелүү бюджеттик мекеменин катышуусунда жүзөгө ашырылат.

12.   Бюджеттик мекеме каражаттарды «Мамлекеттин пайдасына алынган кирешелер» деген 14511110 киреше элементинин коду боюнча төлөм тапшырмасы менен которот.

13.   Каражаттарды убактылуу алып коюу төмөнкүлөргө алып келбөөгө тийиш:

1)     бюджеттик мекемелердин ишинин үзгүлтүксүздүгүнүн бузулушуна;

2)     бюджеттик мекемелердин кабыл алынган милдеттенмелеринин аткарылбай калышына.

14.   Убактылуу алынуучу каражаттардын көлөмү бюджеттик мекеменин финансылык туруктуулугун камсыз кылуу зарылдыгын эске алуу менен аныкталат.

 

5-глава. Каражаттарды кайтаруу тартиби

 

15.   Каражаттарды кайтаруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бюджеттик мекемелердин тиешелүү атайын эсептерине каражаттарды которуу жолу менен жүзөгө ашырылат.

16.   Каражаттарды кайтаруунун булактары болуп төмөнкүлөр саналат:

1)     эгерде каражаттар учурдагы бюджеттик жылдын 1-августуна чейин алынса, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге республикалык бюджети жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорунда көрсөтүлгөн каражаттарды республикалык бюджеттин чыгымдарынын эсебинен кайтарууну карайт;

2)     эгерде каражаттар учурдагы бюджеттик жылдын 1-августунан кийин алынса, аларды кайтаруу кезектеги бюджеттик жылга республикалык бюджетке тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү менен кошумча салыктык эмес түшүүлөрдүн эсебинен же болбосо Кыргыз Республикасынын кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын чыгаша бөлүгүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан каралган каражаттардын (каржылоо булактары болгон учурда) эсебинен жүргүзүлөт.

 

6-глава. Контролдоо жана жоопкерчилик

 

17.   Бул Тартиптин сакталышын контролдоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана өз компетенцияларынын чегинде башка мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.

18.   Кызмат адамдары ушул Тартиптин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.