ПостановлениеДействует

Жаңы-Талап айылдык кеңешинин 2015-жылдын 28-майындагы № XVI/2 «Жаңы-Талап айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө» токтому

Редакцияот 28.05.2015
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ТАЛАП АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Талап айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVI сессиясы

 

2015-жылдын 28-майы № XVI/2

Жаңы-Талап айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө

Жаны-Талап айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 26-беренесине ылайык Жаны - Талап айыл аймагынын айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаны-Талап айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.

2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон откорулуп aktalaa.kg веб - сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизуу учун Нарын Облусунун юстиция башкармалыгына жонотулсун.

3. Токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы Жаны - Талап айыл аймагынын айыл окмотунун башчысы У.Жусупжановго жүктөлсүн.

 

Жаңы-Талап  айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Д. Казаков