ПостановлениеДействует

Чаек айылдык кеңешинин 2015-жылдын 19-мартындагы № 3 «Чаек айылындагы «Кара-Кече» филиалына (офис) контор имаратын куруу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 19.03.2015
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чаек айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы

 

2015-жылдын 19-марты № 3

Чаек айылындагы «Кара-Кече» филиалына (офис) контор имаратын куруу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө

Чаек айылындагы «Кара-Кече» филиалына (офис) контор имаратын куруу боюнча арызын  карап, Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», КР «Жергиликтүү кенештин депуттатарынын статусу» жөнүндө мыйзамынын талабына ылайык, «Кара-Кече» филиалына (офис) контор имаратын  куруу үчүн  жер аянтын бөлүп берүү жагы Чаек айыл өкмөтүнө сунушталсын.

2.Тиешелүү юридикалык документтерин даярдоо  жана мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы  «Кара-Кече» коомдук комитетинин төрайыма Түлөбаева Алтынга жүктөлсүн.

3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин башчысы О. Жунушалиевге тапшырылсын.

 

Чаек айылдык

Кеӊешинин төрагасы:

 

А. Бодошбеков