ПостановлениеДействует

Сары-Ой айылдык кеңешинин 2015-жылдын 23-июнундагы № I «Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдорунмамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө» токтому

Редакцияот 23.06.2015
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сары-Ой айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XVI -сессиясы

 

2015-жылдын 23-июну № I

Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдорунмамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө

Сары-Ой айыл айиагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы Ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 26-беренесине ылайык,Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде ганакабыл алынсын.

2.Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Респуликасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реетрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3.токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сары-Ой айыл аймагынын  айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Жакыповга жүктөлсүн.

 

Сары-Ой айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

М.Нааматбеков