ПостановлениеДействует

Кашка-Суу айылдык кеңешинин 2015-жылдын 14-январындагы № 2 «Кашка-Суу айылдык Кеңешинин жаны регламентин бекитүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 14.01.2015
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кашка-Суу айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XVI-сессиясы

 

2015-жылдын 14-январы № 2

Кашка-Суу айылдык Кеңешинин жаны регламентин бекитүү жөнүндө

Каралган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын “Өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 11-пунктуна ылайык  Кашка-Суу айылдык Кеңешинин  иштерин уюштуруунун  жана алардын ыйгарым укуктарын  ишке ашыруунун тартибин так белгилөө  максатында жумушчу  топ тарабынан иштелип чыккан  Кашка-Суу айылдык Кеңешинин  регламентинин жаңы редакциясын  талкуулап, мыйзамдуулук  жана укук тартиби туруктуу комиссиясынын  төрагасынын  корутундусун  угуп Кашка-Суу  айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кашка-Суу айылдык Кеңешинин  жаңы регламенти бекитилсин.

2. Кашка-Суу айылдык Кеңешинин ушул токтому Кашка-Суу айыл Өкмөтүнүн http://kashka-suu.jalal-abad.kg/  расмий  сайтына жарыялансын.

3. Кашка-Суу айылдык Кеңешинин ушул токтому Кашка-Суу айыл Өкмөтүнүн http://kashka-suu.jalal-abad.kg/  расмий сайтына  жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

4. Аталган токтомду http://kashka-suu.jalal-abad.kg/ расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Мырзакайым кызы Гүлкайырга жүктөлсүн.

 

Кашка-Суу айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Э. Давлетов