ПостановлениеДействует

Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2015-жылдын 30-апрелиндеги № 116 «Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн административдик чек араларын бекитүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 30.04.2015
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин V чакырылган XVI кезектеги сессиясы

 

2015-жылдын 30-апрели № 116

Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн административдик чек араларын бекитүү жөнүндө

Кыргыз мамлекеттик жер долбоорлоо “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан даярдалган, Кызыл-Октябрь айыл Өкмөтүнүн административдик чек ара материалдарынын жазылышы боюнча маселени карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-статьясынын 4-пунктунун негизинде Кызыл-Октябрь айылдык кеңештин V-чакырылган ХVI-кезексиз  сессиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кыргыз Мамлекеттик жер долбоорлоо “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан даярдалган, Кызыл-Октябрь айыл Өкмөтүнүн административдик чек аралары жазылышы боюнча бекитилип берилсин.

2. Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан Кызыл-Октябрь айыл Өкмөтүнүн административдик чек арасынын жазылышы боюнча бекитип берүү жагы суралсын.

3. Кароол жайыт пайдалануучулар бирикмеси менен талаш жайыттардын чек араларын аныктоо боюнча Өзгөн райондук комиссиянын 2010-жылдын 31-майындагы №3 протоколунун тиркемесине жана 2013-жылдын 23-июлундагы №4 отурумунун токтомуна ылайык Кара-Шоро жайлоосунун Чоң-жетим участкасынан сырткары бардык административдик чек ара боюнча макулдук берилсин.

4. Бул токтомдордун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарба энергетика, жер жана коммуникация боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кызыл-Октябрь Кеңешинин

Кеӊешинин төрагасы

 

К.Мусаев