ПостановлениеДействует

Постановление Токмокского городского кенеша от 14 мая 2015 года № 157/20-3 «О предоставлении 50 % льготы за теплоэнергию СЦР»Надежда"

Редакцияот 14.05.2015
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Токмок шаардык кеңешинин III чакырылышынын XX сессиясы

 

2015-жылдын 14-майы № 157/20-3

“Надежда” СРБга жылуулук энергиясы үчүн 50 % жеңилдик берүү жөнүндө

“Надежда” социалдык реабилитациялоо борборунун жетекчисинин 16.04.2015-ж. кириш №117/02-01 кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып жана экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын 08.05.2015-ж. протоколуна ылайык,  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”,  “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токмок ш. финансы бөлүмү тарабынан (Котко Н.Т.), “Надежда” социалдык реабилитациялоо борборуна жылуулук энергиясы үчүн 50 % жеңилдик берүү үчүн акча каражаты каралып, Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн. 

 

Токмок шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

Р. Таманбаев