ПостановлениеДействует

ПостановлениеТокмокского городского кенеша от 15 апреля 2014 года № 105/14-3 «Об утверждении 4 штатных единиц за счет местного бюджета Военизированной противопожарной спасательной части №21 г.Токмок»

Редакцияот 15.04.2014
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Токмок шаардык кеңешинин III чакырылышынын ХIV сессиясы

 

2014-жылдын 15-апрели № 105/14-3

Токмок ш. №21 аскерлештирилген өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнө жергиликтүү бюджеттин эсебинен 4 штаттык бирдикти бекитүү жөнүндө

     Токмок шаарынын жана Чүй районунун мамлекеттик өрткө каршы кызматынын башчысынын м.а. Р.М.Турдумамбетовдун 17.02.2014-ж. №20 кайрылуусун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токмок шаарынын жана Чүй районунун мамлекеттик өрткө каршы кызматынын алдындагы Токмок шаардык №21 аскерлештирилген өрткө каршы - куткаруу бөлүгүнө жергиликтүү бюджеттин эсебинен 4 штаттык бирдик бекитилсин.

2. Токмок ш. финансы  бөлүмүнүн башчысы (Котко Н.Т.) тарабынан, “Куткаруу кызматына” жергиликтүү бюджеттен каралган  каражаттардан каржылоо жүргүзүлсүн.

3. Токмок  шаардык Кеңешинин 2006-жылдын 28-июнундагы  №152/29-1 токтому өз  күчүн жоготту деп саналсын. 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Токмок ш. вице-мэрине жүктөлсүн.

 

Токмок шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

Р. Таманбаев

 

 

Токмок шаардык Кеңешинин 2014-ж. 15-апрелинин №105/14-3 токтомуна тиркеме

 

Токмок ш. куткаруу кызматынын 05.03.2014-ж. штаттык ырааттамасы

 

 

Штаттын аталышы

 

Минималдуу базалык чени

Коэффициент

Суммасы

Иштеген жылдар үчүн кошумча акы

ӨКМ

% иштеген үчүн кошумча акы

Тамактануу

Жыйынтыгы

1

Куткаруучу

5000-00

1.320

6600-00

5%

330-00

2%

135-00

900-00

7965-00

2

Фельдшер-куткаруучу

5000-00

1,320

6600-00

5%

330-00

2%

135-00

900-00

7965-00

3

Фельдшер-куткаруучу

5000-00

1.320

6600-00

5%

330-00

2%

135-00

900-00

7965-00

4

Фельдшер-куткаруучу

5000-00

1.320

6600-00

5%

330-00

2%

135-00

900-00

7965-00

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ЖЫЙЫНТЫГЫ

40000-00

 

26400-00

 

1320-00

 

540-00

3600-00

31860-0