ПостановлениеДействует

Постановление Токмокского городского кенеша от 15 мая 2014 года № 110/15-3 «О выделении средств на опорный пункт милиции»

Редакцияот 15.05.2014
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Токмок шаардык кеңешинин III чакырылышынын ХV сессиясы

 

2014-жылдын 15-майы № 110/15-3

Милициянын таяныч пунктуна каражат бөлүп берүү жөнүндө

Токмок ш. ММБнын башкаруучусунун Токмок ш. Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери үчүн жеңил конструкциядан таяныч пунктун сатып алууга каражат бөлүп берүү жөнүндө 31.03.2014-ж. №376 катын карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 .Токмок ш. финансы бөлүмүнүн башчысы тарабынан (Котко Н.Т.):

-жергиликтүү   бюджетте   мэриянын   административдик имаратын кайтарууга каралган 540 000(беш жүз кырк миң) сомдон, Токмок ш. Ички иштер бөлүмүнө   200 000 (эки жүз миң,) сом милициянын таяныч пунктуна бөлүнүп берилсин;

-мэриянын административдик имаратын кайтаруу үчүн каралган сумма

мурдагы деңгээлде, 420 000 (төрт жүз жыйырма миң) сом өлчөмүндө калтырылсын;

-мэриянын имаратын кайтарууга жетпеген сумма каралып, толукталсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, бюджет, экономика, каржы, салык жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссияга жүктөлсүн.

 

Токмок шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

Р. Таманбаев