ПостановлениеДействует

Постановление Бишкекского городского кенеша от 8 декабря 2015 года № 158 «О внесении дополнений в постановление Бишкекского городского кенеша «Об утверждении тарифа на содержание,техническое обслуживание и организацию эксплуатации лифтов в многоэтажных жилых домах города Бишкек» от 29 апреля 2015 года № 124»

Редакцияот 08.12.2015
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2015-жылдын 8-декабры № 158

Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын 29-апрелиндеги №124 “Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак үйлөрүндөгү лифттерди күтүүгө, техникалык тейлөөгө жана эксплуатациялоону уюштурууга тарифтерди бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 73-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак үйлөрүндөгү лифттерди күтүүгө, техникалык тейлөөгө жана эксплуатациялоону уюштурууга тарифтерди колдонууну тактоо максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын 29-апрелиндеги № 124 “Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак үйлөрүндөгү лифттерди күтүүгө, техникалык тейлөөгө жана эксплуатациялоону уюштурууга тарифтерди бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкү толуктоолор киргизилсин:

     1-пункттун а) жана б) пунктчаларында  “(балкондордун жана лоджиялардын аянтын эсептебестен,)” деген сөздөрдөн кийин “үчүнчү жана кийинки кабаттарда жайгашкан,” деген сөздөр менен толукталсын.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникация жана     инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (П.Н.Десятников) жана Бишкек шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу Г. А. Милицкийге жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

А. М. Кененбаев