ПостановлениеДействует

Көлдүк айылдык кеңешинин 2015-жылдын 2-мартындагы № 8 «Көлдүк айылдык кеңешинин 2015-жылга иш планын бекитүү» токтому

Редакцияот 02.03.2015
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨЛДҮК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көлдүк айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы

 

2015-жылдын 2-марты № 8

Көлдүк айылдык кеңешинин 2015-жылга иш планын бекитүү

 “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын” жана Көлдүк айылдык кенешинин Регламентине ылайык Көлдүк айылдык кенешинин 2015-жыл үчүн иш планы айылдык кеңештин сессиясында талкууланып, каралып, Көлдүк айылдык кеңешинин кезектеги  XIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көлдүк айылдык кеңешинин 2015-жылга карата иш планы бекитилсин (тиркеме тиркелет).

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

Көлдүк айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

С. Молдалиев 

 

 

Көлдүк айылдык кеңешинин

2015-жылдын 2-мартындагы

№8 токтомуна №5 тиркеме

 

II. Уюштуруу-массалык иштер

№

Иш чаранын мазмуну

Мөөнөтү

Аткаруучулар, жооптуулар

Эскертүү

1

Убактылуу комиссиялардын сандык, сапаттык курамын бекитүү 

2015-жыл, 2-квартал

Кеңештин төрагасы

 

2

Көлдүк айылдык кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана бекитүү

2015-жыл, 1-квартал

Кеңештин төрагасы

 

3

Коомдук бюджеттик угууларды өткөрүү, депутаттык окууларды өткөрүү 

Кварталда бир жолу

Кеңештин төрагасы

 

4

Жарандардын кайрылууларына ылайык тейлөөлөр (жол оңдоо, ичкен суу, таштанды чыгаруу, жакшыртуу жана жашылдандыруу, жарык менен камсыздандыруу ж.б.) боюнча депутаттык угууларды өткөрүү (депутаттык саат, депутаттык күн); протоколдук тапшырмалардын аткарылуу жүрүшүн ж.б. маселелерди кароо жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуу.

4 айда бир жолу

Туруктуу комиссиялардын төрагалары

 

5

Депутаттардын атуулдук коомдордун активдери менен тегерек столдо жолугушуусун уюштуруу

6 айда бир жолу

Кеңештин төрагасынын орун басары, туруктуу комиссиялар

 

6

Депутаттардын шайлоочулар менен жолугушуусу (отчету)

Жылына кеминде бир жолу

Кеңештин төрагасынын орун басары, туруктуу комиссиялар

 

7

Жергиликтүү жамааттарды уюштуруу жана  Уставын бекитүү жана каттоо

2015-жыл, 2-квартал

Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссия, кеңештин төрагасы, айыл өкмөтү

 

8

Айыл өкмөтүнүн жылдык отчетун  элдик курултайда угуу

Жылына бир жолу

Кеңештин төрагасы, бюджет боюнча туруктуу ком. төр.  айыл өкмөтү

 

9

 Райондогу алдыңкы айыл кеңештин иш тажрыйбасын жеринде уюштуруу (тажрыйба алмашуу)

Жылына 1, 2 жолу

Кеңештин төрагасы

 

10

Жайыт комитетинин бюджетинин аткарылышын, планын жана иш планын бекитүү жөнүндө

2015-жыл, март

Айыл чарба жана жер, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия

 

11

Көлдүк айыл өкмөтү менен Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн  №---,  административдик участкасынын Көлдүк айыл аймагы боюнча 2015-жыл үчүн иш планын бекитүү жөнүндө

2015-жыл, февраль

Көлдүк айыл өкмөтүнүн соцадиси             

 

12

Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн № ----  административдик участкасынын тескөөчүлөрүнүн, айыл өкмөтүнүн коомдук алдын-алуу борборунун аткарып жаткан иштери жана алдыдагы милдеттери

2014-жыл, октябрь

Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссия, участкалык тескөөчүлөр, Козуев Т.

 

13

Социалдык тармактагы мекемелердин жаңы окуу жылына, кышка даярдыгы жөнүндө

2015-жыл, август

2015-жыл, август

Социалдык маселелер жана дин иштери  боюнча туруктуу комиссия

 

14

Саламаттыкты сактоо мекемелеринин калкты аткарып жаткан иштери жөнүндө

15

Бешинчи чакырылыштагы Көлдүк айылдык кеңеши тарабынан кабыл алган чечимдеринин аткарылышынын абалы жөнүндө

2015-жылдын ар бир кварталында

Кеңештин жооптуу катчысы

 

16

Жазгы талаа, эгүү, себүү иштерин өз убагында камсыз кылуу максатында айдоо, малалоо, арык тартуу ж.б. жумуштардын баасын бекитүү

2015-жыл, март

Көлдүк айыл өкмөтүнүн башкы адиси --------------

 

17

Жайлоого кетүүчү мал жандыктар үчүн тарифтик өлчөмүн бекитүү 

2015-жыл,

март

Көлдүк айыл өкмөтү

 

18

Мал жандыктарды алдын-ала эмдөө жана ветеринардык көзөмөлдөн өткөрүү боюнча тарифтик өлчөмдөрүн бекитүү

2015-жыл, март

Айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комиссия

 

19

Көлдүк айыл аймагындагы ветсервистердин ишмердүүлүгү жөнүндө

2014-жыл, 2-квартал

 

Айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комиссия

 

20

Көлдүк айыл аймагынын калкын таза суу менен камсыз кылуунун абалы 

21

Айыл өкмөтүнүн 2015-жыл үчүн структурасын жана штаттын санын бекитүү

Биринчи квартал

Айыл өкмөтү 

 

22

Депутаттык ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда  токтотуу жөнүндө

2015-жыл, 2-кв.

Кеңештин төрагасы

 

23

Көлдүк айыл аймагында КБФнын жерлерине аукцион өткөрүүгө даярдык көрүү  жөнүндө

2015-жыл, август

Айыл өкмөтү