ПостановлениеДействует

Баткен шаардык кенешинин 2016-жылдын 19-августундагы № 59 «Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын элдеринин көп жылдык бак эсебиндеги үлүш жерлерин макулдуктарынын негизинде №825 контурдагы Баткен шаар мэриясынын мамлекеттик фондун эсебиндеги айдоо жер аянтына алмаштырууга макулдук берүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 19.08.2016
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык кенешинин V чакырылышынын XXIII-сессиясы

 

2016-жылдын 19-августу № 59

Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын элдеринин көп жылдык бак эсебиндеги үлүш жерлерин макулдуктарынын негизинде №825  контурдагы Баткен шаар мэриясынын мамлекеттик фондун эсебиндеги  айдоо жер аянтына алмаштырууга макулдук берүү жөнүндө

     Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндө №33 Мыйзамынын 31-беренесинин 1;5-  пункуттарына Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-главасынын 68-пункутуна жана Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2016-жылдын 18-августундагы №1-10/491каты менен Кызыл-Жол кварталынын элинин үлүш багын өзүлөрүнүн макулдуктары менен алмаштыруу  жөнүндөгү ММД билдирүүсүн угуп жана  талкуулап чыгып Баткен шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын 7,5га элдердин көп жылдык бак эсебиндеги үлүш аянттына үлүш жер ээлеринин макулдуктарынын негизиндеБаткен шаар мэриясынын мамлекеттик фондунун эсебиндеги “Тегирмен-Башы” асыл тукум эчки чарбасы убактылуу пайдаланган №825 контурундагы 7,5 га сугат айдоо жер аянтына алмаштырууга макулдук берилсин.

2. Жер аянттарын алмаштыруу үчүн тийиштүү чараларды көрүү менен юридикалык иш кагаздарын жүргүзүү жагы  Баткен шаар мэриясына /Г.Матказыев/ тапшырылсын.

3. Шаар калкына шаардык “ Өрүкзар” газетасы аркылуу жеткирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин төрагасынын орун басары М.Орозбаевге тапшырылсын.

 

Балыкчы шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

Э.Рахматов