ПостановлениеДействует

Кашка-Суу айылдык кеңешинин 2017-жылдын 13-февралындагы № 11 «Салык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 14.02.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кашка-Суу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын IV сессиясы

 

2017-жылдын 13-февралы № 11

 

Салык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык аймакта жашаган жарандардын техникасына салык өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө айылдык аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Аймакта жашаган жарандардын жеке менчик авто унаалардына 410,0 сом өлчөмүндө салык төлөмдөрү бекитилсин.

2. Салык Кодексинин 328-статьясынын а-пунктунда белгиленген автоунаалардын салык ставкасы кыймылдаткыч күчүнө карата төмөндөгүдөй тартипте бекитилсин.

 

Жеңил автоунаалар:

5-жылга чейин 0,90 тыйын

5-жылдан 10-жылга чейин 0,75 тыйын

10-15 жылда 0,60 тыйын

15-жылдан жогору 0,45 тыйын

 

Жүк ташуучу авто унаалар:

5-жылга чейин  0,75 тыйын

5-жылдан 10-жылга чейин 0,60 тыйын

10-15-жылга 0,45 тыйын

15-жылдан жогору 0.30 тыйын

 

Айыл чарбасындагы техникалар (трактор,комбайндар)

15-жылга чейин 0,30 тыйын

15-жылдан жогору 0,05 тыйын.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет,  салыктар жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кашка-Суу айылдык

Кеӊешинин төрагасы

Ы. Эрмаматов