ПостановлениеДействует

Кара-Суу айылдык кеңешинин 2017-жылдын 27-июнундагы № 8 «Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 330 беренесинин 4 пунктунун негизинде 2018-2019-2020 жылдар үчүн зоналдык коэффициентин бекитүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 27.06.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын II сессиясы

 

2017-жылдын 27-июну № 8

Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 330 беренесинин 4 пунктунун негизинде 2018-2019-2020 жылдар үчүн зоналдык коэффициентин бекитүү жөнүндө

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башкы адиси салыкчы Р.Нээталиевдин  билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык  кеңеши;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 330 беренесинин 4 пунктунун негизинде 2018-2019-2020 жылдар үчүн зоналдык     коэффициенти 0,08% деп бекитилсин.

2. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин karasuu.biz.kg дарегине расмий веб-сайтына жарыялансын.

3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү  жагы жооптуу катчы Т.Азимбаевага жүктөлсүн.

 

Кара-Суу айылдык

Кеӊешинин төрагасы

Т. Малабеков