ПостановлениеДействует

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2014-жылдын 19-сентябрындагы № 1 «Жаңы-Ноокат айылдык аймагынын Аксакалдар сотунун иштоо регламентин бекитүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 19.09.2014
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XV сессиясы

 

2014-жылдын 19-сентябры № 1

Жаңы-Ноокат айылдык аймагынын Аксакалдар сотунун иштоо регламентин бекитүү жөнүндө

 Жаңы-Ноокат айылдык аймагында уюштурулган Аксакалдар сотунун иштоо Регламенти боюнча Кеңештин төрагасынын билдируусун угуп кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соту жөнүндө” мыйзамынын 33-статьясына ылайык Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.     Жаңы-Ноокат айылдык аймагынын Аксакалдар сотунун иштоо регламентин бекитилсын. (тиркелет)

2.    Жаңы-Ноокат айылдык аймагынын айыл өкмотүнө (Н.Юлчиев)

–аксакалдар сотунун,аймактын Кенештын төрагаларын,укук коргоо органдарынын жетекчилерин катыштырып,аксакалдар сотунун иштоо Регламентин окутуп-түшүндүрүү боюнча семинар-кенешмелерди өткөрүү

- аксакалдар сотторун санын,айылдардын санына ылайыктап теңдөө

- Жаңы-Ноокат айылдык аймагынын аксакалдар сотунун иштоо Регламентинин негизинде аксакалдар сотун материалдык-техникалык жактан камсыздоо жана алардын уюштуруу жагы тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А. Имамов