ПостановлениеДействует

Постановление Бишкекского городского кенеша от 30 июня 2009 года № 82 «Об утверждении Положения «О льготах по оплате за питание в дошкольных образовательных организациях»

Редакцияот 30.06.2009
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2009-жылдын 30-июну № 84

"Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууга акы төлөө боюнча жеңилдиктер жөнүндө" жобону бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 1992-жылдын 12-февралындагы № ПЖ-48 "Кыргызстан Республикасында балдардын мектепке чейинки мекемелеринде балдарды күтүү жөнүндө" Жарлыгын жана Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын 2009-жылдын 2-апрелиндеги № 11 "Комиссия түзүү жөнүндө" буйругун аткаруу үчүн, калкты социалдык жактан колдоо жана аз камсыз болгон жарандарга мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууга акы төлөө боюнча жеңилдиктерди берүүдө айкындыкты камсыз кылуу максатында, ошондой эле Бишкек шаардык кеңештин депутаты - Таштанаалы уулу Кубанаалынын демилгеси боюнча, Бишкек шаардык кеңеш,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркемеге ылайык "Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууга акы төлөө боюнча жеңилдиктер жөнүндө" жобо бекитилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы жана Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк подразделениелери бул токтомду жүзөгө ашыруу боюнча тийиштүү чара көрсүн.

3. Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрациялары жана райондук билим берүү борборлору:

- "Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууга акы төлөө боюнча жеңилдиктер жөнүндө" жобо ылайык мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууга акы төлөө боюнча жеңилдиктерди берсин;

- жеңилдиктерди берүү тартиби жөнүндө маалыматты ата-энелерге жеткирсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары В.М.Лисниченкого жана Бишкек шаарынын вице-мэри Э.С.Иманалиевага жана жүктөлсүн.

 

Депутаттардын Бишкек шаардык

кеңешинин төрагасы

 

А.Суракматов