ПостановлениеДействует

Постановление Бишкекского городского кенеша от 3 декабря 2010 года № 206 «Об утверждении ставки платы за стоянку автотранспорта на муниципальных автостоянках города Бишкек»

Редакцияот 03/12/2010
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2010-жылдын 3-декабры № 206

Бишкек шаарынын муниципалдык автотоктотмолорунда автотранспортту токтотуп коюу үчүн жыйымдын ченин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 14-апрелиндеги № 1480-XII "Салык эмес жыйымдар жөнүндө" Мыйзамына ылайык, шаардын бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында, Бишкек шаардык кенеш токтом кылат:

1. Бишкек шаарынын муниципалдык автотоктотмолорунда автотранспортту токтотуп коюу үчүн жыйымдын чени бир коюу орду үчүн эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүнүн 25 пайызы өлчөмүндө бекитилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

- автотранспорт токтотуу үчүн акынын Бишкек шаарынын бюджетине түшүүсүн толук көлөмдө камсыздасын;

- акы төлөөнүн өлчөмүн көрсөтүү менен ар бир муниципалдык токтотмону маалыматтык щиттер менен камсыздасын;

- калкты массалык маалымат каражаттары аркылуу муниципалдык токтотмолордун иши жөнүндө маалымдасын.

3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (М.А.Аманкулов) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри М.А.Исмаиловго жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасынын милдетин аткаруучу

В.Лисниченко