ПостановлениеДействует

Постановление Бишкекского городского кенеша от 30 июня 2011 года №241»О переименовании улицы города Бишкек»

Редакцияот 30.06.2011
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2011-жылдын 30-июну № 241

Бишкек шаарындагы көчөнү кайрадан атоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Мыйзамына ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын Топонимика жана эстелигин түбөлүккө калтыруу боюнча жумушчу комиссиясынын 2011-жылдын 13-апрелиндеги № 2 Шабдан баатыр көчөсүнөн тартып М.Ауэзов көчөсүнө чейинки Горький көчөсүнүн бөлүгү Түркия Республикасынын борбору - Анкара шаарынын урматына кайрадан атоо жөнүндө протоколду эске алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шабдан баатыр көчөсүнөн тартып М.Ауэзов көчөсүнө чейинки Горький көчөсүнүн бөлүгү тиркелген чиймеге ылайык Анкара көчөсү деп кайрадан аталсын (чийме тиркелет).

2. Бул көчөнү кайра атоо менен байланышкан чыгымдар Түркия Республикасынын эсебинен жүргүзүлсүн.

3. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы (М.Т.Тезекбаев), Архитектура жана шааркурулушу боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы (А.А.Абдыкаров) эсепке алуу, инвентаризациялоо маалыматтарына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

4. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин шаар курулушу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (В.А.Дашков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри А.И.Усубакуновага жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

М.А.Аманкулов