ПостановлениеДействует

Постановление Бишкекского городского кенеша от 13 октября 2011 года №267 «Об увековечении памяти Героя апрельской народной революции Элдияра Керимова»

Редакцияот 13.10.2011
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2011-жылдын 13-октябры № 267

Апрель элдик революциясынын баатыры Элдияр Керимовдун ысымын түбөлүккө калтыруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы географиялык атоолор жөнүндө" Мыйзамына ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын топонимика жана ысымын түбөлүккө калтыруу боюнча жумушчу комиссиясынын отурумунунун 2011-жылдын 26-июлундагы № 5 протоколун эске алып, Бишкек шаардык кеңеш токтом кылат:

1. Шаардын Школьная көчөсү Апрель элдик революциясынын баатыры Элдияр Керимов атындагы көчө деп кайрадан аталсын (чийме тиркелет).

2. Көчөнү кайра атоо менен байланышкан чыгымдар Бишкек шаарынын мэриясынын эсебинен жүргүзүлсүн.

3. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы (М.Т.Тезекбаев), Архитектура жана шааркурулушу боюнча Бишкек шаарынын башкы башкармасы (А.А.Абдыкаров) учеттук, инвентаризациялоо маалыматтарына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

4. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин шааркурулушу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (В.А.Дашков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри А.И.Усубакуновага жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык Кеңешинин төрагасы

М.Аманкулов