ПостановлениеУтратил силу

Постановление Бишкекского городского кенеша от 13 октября 2011 года № 265 «О внесении изменения и дополнения в постановление Бишкекского городского кенеша «О тарифах на перевозку пассажиров и багажа общественным пассажирским транспортом в городе Бишкек» от 17 мая 2011 года № 225»

Редакция
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги № 312 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 13-октябры №265

Бишкек шаардык кенештин 2011-жылдын 17-майындагы «Бишкек шаарында коомдук жүргүнчү транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу тарифтери жөнүндө» токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

Жүргүнчү транспортунун ишинде мындан ары туруктуулукту камсыздоо, ошондой эле коомдук транспортто (автобус, троллейбус) жүрүүгө бирдиктүү айлык жүрүү билеттерин киргизүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 17-майындагы № 225 «Бишкек шаарында коомдук жүргүнчү транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу тарифтери жөнүндө» токтомунун тиркемесине төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

-3-пункттун 1-кичи пунктунда «150» деген сан «175» саны менен алмаштырылсын;

-3-пункт төмөнкү мазмундагы кичи пункту менен толукталсын: «автобус, троллейбус (бирдиктүү) 495,00 сом.»

2. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик-укутук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кенештин транспорт жана коммуникация, турак-жай коммуналдык чарба, отун энергетика комплекси боюнча туруктуу комиссиясына (Салымбеков Ж.М.) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Т.М. Имашовго жүктөлсүн.

 

Төрага

 

А. Аманкулов