ПостановлениеДействует

Постановление Бишкекского городского кенеша от 11 марта 2011 года № 219 «О внесении дополнения в Положение»О почетном гражданине города Бишкек«, утвержденное постановлением Бишкекского городского Кенеша депутатов»Об утверждении Положения «О почетном гражданине города Бишкек» в новой редакции«от 10 октября 2005 года № 111»

Редакцияот 11.03.2011
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 11-марты № 219

Бишкек шаардык кеңештин 2005-жылдын 10-октябрындагы № 111

"Жаңы редакциядагы "Бишкек шаарынын ардактуу жараны

жөнүндө" жобону бекитүү жөнүндө" токтому менен

бекитилген "Бишкек шаарынын ардактуу жараны

жөнүндө" Жобого толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

"Бишкек шаарынын ардактуу жараны жөнүндө" наамдын статусун жогорулатуу үчүн, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңештин 2005-жылдын 10-октябрындагы № 111 "Жаңы редакциядагы "Бишкек шаарынын ардактуу жараны жөнүндө" жобону бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген "Бишкек шаарынын ардактуу жараны жөнүндө" Жобого төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:

- "Бишкек шаарынын Ардактуу жараны" наамын ыйгарууну негиздөө жана тартиби" II Глава төмөндөгүдөй мазмундагы 12-пункт менен толукталсын: "Бишкек шаарынын Ардактуу жараны" наамы Бишкек шаардык кеңештин Ардак грамотасын алган адамга берилет".

2. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет Министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси Э.А.Нурдавлетовго жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасынын милдетин аткаруучу

 

В.Лисниченко