Постановление Бишкекского городского кенеша от 26 апреля 2012 года №312 «О тарифах на перевозку пассажиров и багажа общественным пассажирским транспортом в городе Бишкек»
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 26-апрели №312
Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту менен
жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууга тарифтер жөнүндө
(Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 8, 2023-жылдын 27-декабрындагы № 102, 2026-жылдын 31-мартындагы № 87 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Жүргүнчү транспортунун туруктуу ишин камсыздоо, борбор шаарыбыздын тургундарын жана конокторун үзгүлтүксүз ташуу, жүргүнчүлөр транспорт муниципалдык ишканаларынын экономикалык абалын жакшыртуу, аларга кызмат көрсөтүүдө бааны жөнгө салуу үчүн, ошондой эле Бишкек шаарынын жарандарынын кээ бир категорияларын жүргүнчүлөр транспортунда акысыз ташууну камсыз кылуу максатында, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 1-ноябрынан тартып Бишкек шаарынын коомдук шаардык жүргүнчү транспорту менен (троллейбустарда, автобустарда, маршруттук таксилерде) жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга тарифтер тиркемеге ылайык бекитилсин.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 8 токтомуна редакциясына ылайык)
2. Бишкек шаардык кеңештин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп эсептелсин:
а) 2011-жылдын 17-майындагы № 225 "Бишкек шаарында коомдук жүргүнчү транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу тарифтери жөнүндө";
б) Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 13-октябрындагы № 265 "Бишкек шаарында коомдук жүргүнчү транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу тарифтери жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө".
3. Бишкек шаарынын мэриясы:
-Бишкек шаарында коомдук жүргүнчү транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу тарифтерди өзгөртүү маселесин кароодо эксплуатациялык чыгымдардын жана инфляциянын өзгөрүүсүн эске алсын;
-Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна Бишкек шаарынын коомдук жүргүнчүлөр транспортун жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү Концепциясын киргизсин.
4. Бул токтом белгиленген тартипте каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасында 2012-жылдын 1-майында № 39 жарыяланды
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак жай коммуналдык чарба, отун-энергетика комплекси транспорт, коммуникация жана экология боюнча туруктуу комиссиясына (Салымбеков Ж.М.) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Т.М.Имашовго жүктөлсүн.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 8 токтомуна редакциясына ылайык)
Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу |
В. Лисниченко |
| Бишкек шаардык кенешинин 2012-жылдын “26” апрелиндеги № 312 токтомуна тиркеме |
Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту (троллейбус, бардык класстардагы автобустар) менен жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн ташууга ТАРИФТЕР
(Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-декабрындагы № 102, 2026-жылдын 31-мартындагы № 87 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Бир жүргүнчүнүн жол кире наркы:
троллейбуста - 17,00 сом;
менчиктин түрүнө карабастан автобуста (чакан жана өзгөчө чакан класстагы автобустардан тышкары) - 17,00 сом;
менчиктин түрүнө карабастан чакан класстагы автобустарда - 20,00 сом.
менчиктин түрүнө карабастан, валидаторлор орнотулган автобустарда жана троллейбустарда накталай формада жол кирени төлөөдө - 20,00 сом.
2. Автобустарда, троллейбустарда 1 орундук жүктү ташуу үчүн төлөм:
40 кг жогору же 50х60х100 см көлөмү менен - 17,00 сом.
3. 1 (бир) айлык мөөнөткө транспорттук картанын (электрондук жол билети) наркы:
мектептик 360,00 сом;
стандарттык 1020,00 сом.
Транспорттук картаны даярдоого кеткен чыгымдарга алардын өздүк наркы киргизилет.
4. Муниципалдык коомдук жүргүнчүлөр транспортунда акысыз жүрүү укугу Бишкек шаарынын аймагында туруктуу жашаган жана туруктуу каттоосу бар жактардын төмөнкү категорияларына берилет деп белгиленсин:
жаш курагы боюнча пенсионерлерге;
жалпы ооруларынын жана эмгектик мерттенүүнүн натыйжасында I, II, III топтогу майыптыгы бар адамдарга;
бала кезинен майыптыгы бар адамдарга;
7 жашка чейинки курактагы балдарга;
18 жашка чейинки майыптыгы бар баланын жеке ассистенттерине;
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу "Кыргыз почтасы" ААКтын почтальондоруна кызматтык милдеттерин аткарууда.
Муниципалдык коомдук жүргүнчүлөр транспортунда акысыз жүрүү үчүн негиз болуп, акысыз же жеңилдетилген жол жүрүү укугунда адамдын фамилиясы, аты жана атасынын аты көрсөтүлгөн жана сүрөтү менен персонификациялаштырылган транспорттук карта эсептелет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 87 токтомунун редакциясына ылайык)