ПостановлениеДействует

Постановление Ошского городского кенеша от 30 марта 2011 года №229 «О даче согласия на освобождение от арендной платы предпринимателей - арендаторов муниципальных объектов пострадавших во время июньских событий в 2010 году в городе Ош»

Редакцияот 30.03.2011
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин кезектеги XXVII сессиясы (II чакырылыш)

 

2011-жылдын 30-марты №229

2010-жылда Ош шаарында болуп өткөн июнь окуясынын кесепетинен жабыр тарткан Ош шаарындагы муниципалдык менчиктеги обьектерди ижарага алып иштетип жаткан ишкерлерди ижара акысынан бошотууга макулдук берүү жөнүндө

Ош шаардык мэриясынын 2011-жылдын 14-январындагы №14/08-6 - Ош шаарында болуп өткөн июнь окуясынын кесепетинен жабыр тарткан Ош шаарындагы муниципалдык менчиктеги обьектерди ижарага алып иштетип жаткан ишкерлерди ижара акысынан бошотууга макулдук берүү жөнүндөгү катын карап жана талкулап, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2011-жылдын 3-мартындагы №9 - токтомунун негизинде, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.2010-жылда Ош шаарында болуп өткөн июнь окуясынын кесепетинен жабыр тарткан Ош шаарынын муниципалдык менчиктеги обьектерди ижарага алып иштетип жаткан 105 ишкердин 2010-жылдын 7 айына эсептелген (2010-жылдын июнь айынан 31-декабр айына чейин)  1706297 сом ижара акысынан жана июнь-июль айларындагы коогалаң учурда иш-жүргүүзүсү токтоп калган 543 обьектинин 2 айга 800,0 миң сом өлчөмүндөгү жергиликтүү бюджетке түшүүчү ижара акысынан бошотууга макулдук берилсин.

2.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана «Ош шамы гезитине жарыялансын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (У.Примов) жүктөлсүн.

 

Депутаттардын Ош шаардык

Кеңешинин төрагасы

 

Д.Алимбеков