ПостановлениеДействует

Көк-Жар айылдык кеңешинин 2017-жылдын 22-апрелиндеги № 33-2 «Көчөгө ат коюу тууралуу жөнүндө» токтому

Редакцияот 22.04.2016
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жар айылдык кеңешинин кезектеги V чакырылышынын 33-сессиясы

 

2017-жылдын 22-апрели № 33-2

Көчөгө ат коюу тууралуу

Борбаш айылындагы аты жок көчөлөргө ат коюу жөнүндөгү, Борбаш айылынын жашоочуларынын 2016-жылдын 22-апрелиндеги мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын №4 протоколун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 9-пунктуна ылайык Көк-Жар айылдык кеңеши

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Борбаш айылынын жашоочуларынын кайрылуусуна негиз, 2016-жылдын 22-апрелиндеги мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын №4 протоколуну колдоого алынсын.

2. Борбаш айылындагы көчөгө, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Абдразаков Амирдин атын коюуга макулдук берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Н. Туманов