ПостановлениеДействует

Мырза-Аке айылдык кеңешинин 2017-жылдын 25-январындагы № 38 «Кара-Дөбө көмүр кени чыккан жер аянтынын котегориясын өзгөртүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 25.01.2017
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Мырза-Аке айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз V ceccиясы

 

2017-жылдын 25-январы № 38

Кара-Дөбө көмүр кени чыккан жер аянтынын котегориясын өзгөртүү жөнүндө

Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Дөбө участкасындагы Тармал ЖЧК Кара-Дөбө көмүр кенин казып иштетүү үчүн убактылуу лицензиянын убагы көрсөтүлгөн 2017-жылдын 7-июнуна чейин пайдаланууга 120.05 га (бир жүз жыйырма га , беш сотых) гектар жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер “ котегориясынан “Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин жерлери” котегориясына которуп берүү жөнүндөгү Тармал ЖЧК ишканасынын жетекчисинин арызын карап, таанышып , Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4, 7,9,10,13,25,31 беренелерин жетекчиликке алып Мырза-Аке айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу Жаман –Тал участкасындагы ОсОО Кара-Дөбө көмүр кенин казып иштетүү үчүн убактылуу лицензиянын убагы көрсөтүлгөн 2017-жылдын 7-июнуна чейин пайдаланууга 120.05 га (бир жүз жыйырма га , беш сотых) гектар жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер “ котегориясынан “Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин жерлери” котегориясына которуп берилсин.

2. Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу Тармал ЖЧКнын Кара-Дөбө участкасындагы көмүр кени Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу жер участогунда жайгашкандыгы эске алынып , салык төлөмү өз убагында айыл өкмөтүнүн бюджетине төгүлүп туруусу , отчеттуулук милдетти так аткаруу жоопкерчилиги Тармал ЖЧК ишканасынын жетекчиси Ж.Садырбаевке милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.

 

Төрага

Т. Джусупов