ПостановлениеДействует

Баткен шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 17-мартындагы № 01-10/21 «Баткен шаар мэриясынын алдындагы жер пайдалануу жана курулуш куруу маселелери боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 17.03.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги III сессиясы

 

2017-жылдын 17-марты № 01-10/21

Баткен шаар мэриясынын алдындагы жер пайдалануу жана курулуш куруу маселелери боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө 2011-жылдын 15-июлдагы №101 мыйзамынын 31-беренесинин 5-пункутуна жана Баткен шаар мэриясынын курамында кээ бир адистер башка кызматка өтүп кеткендигине жана шаардык кеңештин V чакырылышындагы депутаттарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу аталган комиссиянын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги III сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен шаар мэриясынын алдындагы жер пайдалануу жана курулуш куруу маселелери боюнча комиссиясынын курамындагы кээ бир адистер башка кызматка өтүп кеткендигине жана шаардык кеңештин V чакырылышындагы депутаттардын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу комиссиянын курамына өзгөртүүлөр киргизилсин.

2. Баткен шаар мэриясынын алдындагы жер пайдалануу жана курулуш куруу маселелери боюнча комиссиясынын курамы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

1) Султанов М.М          Баткен шаарынын 1-вице мэри, комиссиянын төрагасы

Мүчөлөрү:

2)Аззамов Н                 шаар мэриясынын онор жай, курулуш, айыл чарба секторунун

башчысы,

3)Эргешов К                 областтык архитектура жана курулуш башкармасынын башчысы

4)Акматов А                  шаар мэриясынын алдындагы ММД директору,

5)Имаров А                   Баткен райондук жереге жайгаштыруу жана мам.каттоо

башкармасынын башчысынын орун басары

6) Шамшиев К  КР ӨКМ Баткен шаардык бөлүмүнүн башкы адиси,

7)Жунусалиев Д          Баткен облаттык СЭСтин башкы врачынын орун басары

8)Дубанаев М   шаардык Кенештин торагасынын орун басары

9)Добутов М                 шаардык Кенешинин депутаты

10) Шарапов Д             шаардык Кенешинин депутаты

11)Турмаматов И        шаардык Кенештин депутаты              

3. Ушул тоткомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кенешетин төргасынын орун басары М.Дубанаевге тапшырылсын.

 

Төрага

А. Ташбеков