ПостановлениеДействует

Кочкор айылдык кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 20/7 «Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областары боюнча аймактык бөлүмүнүн аудитинин жыйынтыгы жөнүндө» токтому

Редакцияот 29.06.2015
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

 КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XX сессиясы

 

2015-жылдын 29-июну № 20/7

Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областары боюнча

аймактык бөлүмүнүн аудитинин жыйынтыгы жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областары боюнча аймактык бөлүмүнүн 2015-жылдын 16 - июнундагы № 01-11/229- катынын негизинде жана Кочкор айыл өкмөтүндөгү 2013-жылдын 01-январынан 2014-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде жүргүзүлгөн пландык текшерүүнүн жыйынтыгын карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор айыл өкмөтүндөгү 2013-жылдын 01-январынан 2014-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде жүргүзүлгөн пландык текшерүүнүн жыйынтыгындагы актыда көрсөтүлгөн кемчиликтер калыбына келтирилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы М.М.Исраиловго милдеттендирилсин.

 

Кочкор айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А. Аситов