ПостановлениеДействует

К. Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин 2015-жылдын 29-январындагы № 13/2 «Сессия кварталына бир жолу өтүлсүн жана кезексиз сессия кырдаалага жараша чакыруу жөнүндө» токтому

Редакцияот 29.01.2015
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

К. БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

К. Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIII сессиясы

 

2015-жылдын 29-январы № 13/2

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын уюштуруучулук–укуктук негиздерин (24-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пунктун) жетекчиликке алып К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIII отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сессия кварталына бир жолу өтүлсүн жана кезексиз сессия кырдаалага жараша чакырылсын.

2. Сессия жүрүп жаткан мезгилде бир депутат эки жолу сүйлөгөнгөукуктуу, үчүнчү жолу сүйлөгөнгө депутаттардын добушуна коюлуп колдоо тапса гана сүйлөсүн.

3. Себепсиз сессияга төрт  жолу келбеген депутат, депутаттык мандатынан четтетилсин жана ар кандай шылтоолор менен жооп суроого тыюу салынсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы этика жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

К. Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеӊешинин төрагасы

 

Ч. Канкиева