ПостановлениеДействует

Папан айылдык кеңешинин 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 8 «Ош областынын райондор аралык сотунун чечимин кароо жөнүндө» токтому

Редакцияот 20.11.2015
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

 ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Папан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVIII сессиясы

 

2015-жылдын 20-ноябры № 8

Ош областынын райондор аралык сотунун чечимин кароо жөнүндө

Ош областынын райондор аралык сотунда 2014-жылдын 2-апрелинде каралып Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн үлүш ээлеринин пайдасына чечилип үлүш жылдырылбай калсын деген чечим кабыл алынгандыктан, Папан айылдык Кенеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесин жана Кыргыз Республикасынын “Жер кодексин” жетекчиликке алып төмөндөгүдөй,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Дыйкан кыштак учаткасындагы 1,86 га жер Учар участкасындагы 102-контурдагы 1.86 га жерге жылдырылсын.

2 .Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Исмаиловго милдеттендирилсин.

 

Папан айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

К. Бактыбаев