ПостановлениеДействует

Гулистан айылдык кеңешинин 2016-жылдын 24-февралындагы № XXVII-4 «Гулистан айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар комитетинин 2015-жылдагы аткарган иштери жана 2016-жылга бюджетин бекитип берүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 24.02.2016
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

 ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Гулистан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXVII сессиясы

 

2016-жылдын 24-февралы № XXVII-4

Гулистан айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар комитетинин 2015-жылдагы аткарган иштери жана 2016-жылга бюджетин бекитип берүү жөнүндө

Гулистан айыл аймагында 2010-жылда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жайыт Мыйзамынын” негизинде жайыт комитети түзүлгөн. 2014-жылда жайыт комитети бекитилип берилген бюджетти толугу менен аткарган. Айыл өкмөтү жайыт комитетинин 2016-жылга бюджетин көрүп чыгып тийиштүү кошумчалар жана өзгөртүүлөрдү кириткен. Гулистан айыл кеңешинин ХХVII-сессиясы күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Гулистан айыл аймагындагы жайыт комитетинин 2015-жылда аткарган иштери кемчиликтери менен канааттандырарлы деп белгиленсин.

2.Гулистан айыл аймагынын жайыт комитетинин 2016-жылга бюджети бекитилсин.

3.Жайыт комитетинин 2016-жылда жайыт инфраструктурасын өңдөө боюнча аткара турган иштерин көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

4.Гулистан айыл аймагынын жайыт комитетинин 2016-жылдын 17-февралындагы № 1-протоколу бекитилсин.

5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гулистан айыл кеңешинин айыл чарба, өнөр жай, ишмердүүлүк жана инженердик инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Гулистан айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

И. Ташматов