ПостановлениеДействует

Суу-Башы айылдык кеңешинин 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 1 «Суу-Башы айыл өкмөтүндө мулк жана жер салыгын киргизүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 27.11.2013
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

 СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XI сессиясы

 

2013-жылдын 27-ноябры № 1

Суу-Башы айыл өкмөтүндө мүлк жана жер салыгын киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 31-статьясынын 3 бөлүмүнүн жана “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин ишке киргизүү жөнүндөгү” 17-октябрь 2018-жылдын №231 мыйзамынын 3 бөлүмүнүн негизинде Суу-Башы айыл өкмөтүнүн киреше боюнча башкы адиси К. Акмталиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Суу-Башы айылдык Кеңештин V чакырылышынын кезексиз XII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.2014-жылдын 14-январынан Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагында төмөнкү салыктарды ишке киргизүү:

-Мулк салыгы 1,2,3 топтогу

-Жер салыгы киргизилсин.

2.Ушул токтомдун 1 пунктунда көрсөтүлгөн салыктарды администрациялоо Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин негизинде ишке ашсын.

3. Ушул токтомдун 1 пунктунда көрсөтүлгөн салыктарды администрациялоо Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине нормативдик актылардын мамлекеттик тизмесине катто үчүн жиберет.

4.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айылдык Кеңештин алдындагы бюджет жана экономика маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Суу-Башы айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А.Калысов