ПостановлениеДействует

Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2016-жылдын 14-апрелиндеги № 01-05/222 «Кочкор-Ата шаар мэриясына кызматтык жана жүк ташуучу автоунаа сатып алуу жөнүндө» токтому

Редакцияот 14.04.2016
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

 КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXXI сессиясы

 

2016-жылдын 14-апрели № 01-05/222

Кочкор-Ата шаар мэриясына кызматтык жана жүк ташуучу автоунаа сатып алуу жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXIV сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевдин шаар мэриясына кызматтык жана жүк ташуучу автоунаа сатып алуу жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, “ Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 31-беренесине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевдин сунушу эске алынсын.

 2. Шаар мэриясына кызматтык жеңил автоунаасы жана жүк ташуучу «PORTER» автоунаасы 2016-жылдын бюджетинин эсебинен сатылып алынсын.

 3. Автоунааларды сатып алуу үчүн керектелүүчү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге жана каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.

 4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кочкор-Ата шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Артыков