ПостановлениеДействует

Семиз-Бел айылдык кеңешинин 2015-жылдын 5-августундагы № 23/11 «Семиз-Бел айыл аймагындагы ДЭУ участкасындагы №61 контурундагы жайгашкан асылдуулугу төмөн жер аянтын курулуш алдындагы жерлер категориясына которуу жөнүндө» токтому

Редакцияот 05.08.2015
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

 СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Семиз-Бел айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 23-сессиясы

 

2015-жылдын 5-августу № 23/11

Семиз-Бел айыл аймагындагы ДЭУ участкасындагы №61 контурундагы

 жайгашкан асылдуулугу төмөн жер аянтын курулуш

алдындагы жерлер категориясына которуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 11.12.18-беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү» №145 15.07.2013-жылдагы мыйзамына, Нарын облустук жерге жайгаштыруу экспедициясынын 05.03.2015-жылдагы №59 аныктамасына негиздеп Семиз-Бел айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Семиз-Бел айыл аймагынын Семиз-Бел айылынан Ж.Мусакановко өздөштүрүүгө берилген №61 контурундагы жайгашкан ДЭУ участкасындагы асылдуулугу төмөн шор жер өздөштүрүүгө мүмкүн болбогондуктан, курулуш алдындагы жерлер түрүнө которууга сунушталсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Сыдагалиевге тапшырылсын.

 

Семиз-Бел айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

М.Букамбаев