ПостановлениеДействует

Талды-Суу айылдык кеңешинин 2016-жылдын 29-июлундагы № 30/2 «Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адис статист кызматкеринин кызмат ордун, штаттык бирдигин, сметасын бекитүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 29.07.2016
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

 ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Талды-Суу айылдык Кеңешинин  XXVI сессиясы

 

2016-жылдын 29-июлу № 30/2

Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адис статист кызматкеринин кызмат ордун, штаттык бирдигин, сметасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17-март 2014-жылдагы № 145 жана 19-декабрь 2014-жылдагы № 175 жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндөгү токтомунун негизинде Талды-Суу айыл өкмөтүнүн  жетектөөчү адис статистик кызмат ордун,келишимин бекитүү жөнүндөгү өтүнүчүн угуп жана талкуулап

Депутаттардын Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ХХУ1 шайланган кезексиз  ХХХ сесиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17-март 2014-жылдагы № 145 жана 19-декабрь 2014-жылдагы № 175 жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндөгү токтомунун негизинде Талды-Суу айыл өкмөтүндөгү жетектөөчү адис статистик кызмат орду жана келишими бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Дайыргазы уулу Нурланга милдеттендирилсин.

 

Талды-Суу айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Ж.Молоев